Загрузка документа…
Көңүл буруңуздар!
Бул буйрук «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу
долбоору аяктаганга чейин күчүндө болот
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ, АРХИТЕКТУРА ЖАНА
ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 17-августу № 127-нпа
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба
мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа
«Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө
иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет
мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу
лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 3-бөлүгүнө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтому менен бекитилген «Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө» жобонун 93-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 20-пунктунун 1-пунктчасын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-апрелиндеги № 221 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги жөнүндө» (мындан ары – Курулуш министрлиги) жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 26-ноябрындагы № 82-чуа «Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында шаар куруу, долбоорлоо-изилдөө иштери жана курулуш-монтаждоо иштери чөйрөсүндөгү чет мамлекеттер тарабынан берилген, бир тараптуу тартипте таанылуучу лицензиялардын тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 36, 37, 38, 39, 40, 41, 42, 43, 44, 45-пункттар менен толукталсын:
« |
| ||||
36 | Кыргыз Республикасындагы «Кытай коммуникациялык курулуш корпорациясынын» «Экинчи навигациялык инженердик бюросу» ЖЧК филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Ухань шаары, Дунсиху району, Цзиньинху көчөсү, 11-үй. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91420100177 6853910 |
37 | Кыргыз Республикасындагы «Кытай темир жол инженердик тобу № 5» жоопкерчилиги чектелген компаниясынын филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Чунцин шаары, Түндүк жаңы аймагынын Жогорку технологиялар паркы, Тяньгундянь көчөсү, Цзиньчэнлу көчөсү, 26-үй. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91500000188 925362Т |
38 | Кыргыз Республикасындагы «Кытай темир жол курулуш корпорациясынын № 11 бюросу» ЖЧКсынын филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Хубэй провинциясы, Ухань шаары, Учан району, Чжуншань көчөсү, 277-үй. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91420000179 31508R |
39 | Кыргыз Республикасындагы «Кытай темир жол курулуш корпорациясынын 12-бюросу» ЖЧКсынын филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Тайюань шаары, Ваньболинь району, Сикуан көчөсү, № 130. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91140000110 0711840 |
40 | Кыргыз Республикасындагы «Кытай темир жол курулуш корпорациясынын 14-бюро тобу» ЖЧКсынын филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Шаньдун провинциясы, Цзинань шаары, Лися району, Олимпиадалык спорттун Батыш көчөсү, 2666, Темир жол курулуш үйү, А блогу. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91370000163 0559891 |
41 | Кыргыз Республикасындагы «Кытай темир жол курулуш корпорациясынын 15-бюросу» ЖЧКсынын филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Шанхай шаары, Цзинъань району, Гунхэсиньлу көчөсү, 666. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91310000169 9534723 |
42 | «Кытай темир жол корпорациясынын 19-бюросу» ЖЧКсынын Бишкек филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Пекин шаары, Пекин экономикалык- технологиялык өнүктүрүү аймагы, Жунхуанью көчөсү, 19, 1- корпус. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91110000122 027391R |
43 | Кыргыз Республикасындагы «Кытай темир жолдорунун биринчи институтунун тобунун Түштүк инженердик- консультациялык жана көзөмөлдөө компаниясы» ЖЧКсынын филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Чжухай шаары, Хэнцинь жаңы району, Жунчжудао көчөсү, 169, 1804- кабинет. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91440400224 337040W |
44 | Кыргыз Республикасындагы «Шанхай Сяньсин Констракшн Супервиджн» ЖЧКсынын филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Тяньму Чжунлу көчөсү, 291. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91310106133 731886L |
45 | Кыргыз Республикасындагы «Чайна Рейлвей Констракшн Групп» ЖЧКсынын филиалы | Кытай Эл Республикасы | КЭР, Пекин шаары, Шицзиншань району, Шицзиншань көчөсү, 20. | Курулуш- монтаждоо иштери | Социалдык кредиттин бирдиктүү коду: 91110000102 28709XY |
». |
| ||||
2. Лицензиялоо жана сертификациялоо башкармалыгына:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» № 117 токтомуна ылайык ушул буйрукту расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жүзүндө жана электрондук түрдө, аталган буйруктун жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат катары жиберилсин.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары Б.Ч. Чолпонбаевге жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору аяктаганга чейин күчүндө болот.
2026-жылдын 17-августунда https://egov.kg/kg/ministry/construction/npa расмий сайтында жарыяланды
Министр | Н.К. Орунтаев |