Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОРГОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 14-августу № 1
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин системасында коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учулардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин системасында (мындан ары – КР КМ) коррупциянын келип чыгуу коркунучу бар учурлардагы жана кырдаалдардагы тизмесин актуалдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө» 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомуна ылайык, буйрук кылам:
1. КР КМ тутумунда коррупциянын пайда болуу коркунучу бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеси (мындан ары – Тизме) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басарлары, Коргоо министрлигинин Борбордук аппаратынын жана Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана өзүнчө бөлүмдөрүнүн башчылары, Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгынын, Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн, Улуттук гвардияны кол башчылары, 8 - гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын командири, КР КК аскер бөлүктөрүнүн командирлери жана мекемелеринин башчылары, республиканын аскер комиссарлары:
- коррупциялык тобокелдиктерди жана коррупциянын көрүнүштөрдү жоюу, азайтуу боюнча туруктуу ишти камсыз кылышсын;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 токтомунун 3-тиркемесине ылайык, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө токтомуна ылайык, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планынын түзүүгө сунуштарды, КР КМ укуктук камсыздоо жана аскердик мыйзамдар башкармалыгына эки жумалык мөөнөттө беришсин.
3. КР КМ маалыматтык камсыздоо башкармалыгынын башчысы КР КМ расмий веб-сайтына ушул Тизмени үч күндүн ичинде жайгаштырсын.
4. КР КМ КР КМ укуктук камсыздоо жана аскердик мыйзамдар башкармалыгынын башчысы:
1) үч жумушчу күндүн ичинде, төмөнкү күндөн баштап:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине ушул буйруктун көчүрмөлөрүн (мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук форматта, жарыяланган булагы тууралуу маалыматты көрсөтүү менен эки нускада) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө киргенден кийин анын көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн;
2) кызыкдар аскердик башкаруу органдарын (адистерди) тартуу менен коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу планын түзүүгө жана аны белгиленген тартипте бекитүүгө киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин 2024-жылдын 29-мартындагы № 145 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинде коррупциянын пайда болуу коркунучу бар учурлар жана кырдаалдар тизмесин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин биринчи орун басарына жүктөлсүн.
7. Буйрук тиешелүү адамдарга чейин жеткирилсин.
Коргоо министри генерал-майор |
| Р.М. Мукамбетов |