Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин 2026-жылдын 14-августундагы № 1 буйругу менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин тутумунда коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№
| Мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер) | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогору) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү) |
Функциясынын түрү: Адам ресурстарын башкаруу жана кадрдык иштер |
| ||||||
1. | КУАЛ, КР КК Аскердик институту, чет өлкөлүк жогорку аскердик окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу боюнча иш-чараларды өткөрүү | Кандидаттын кемчиликтери, анын ичинде ден соолугунун абалы, физикалык даярдыгынын деңгээли, тартиптик бузуулар жана тандоо натыйжаларына таасир этүүчү башка жагдайлар жөнүндөгү маалыматтарды жеке же башка кызыкчылыктардан улам жашыруу. Конкурстук тандоо жыйынтыктарын калыс эмес жана бир жактуу баалоо, анын ичинде атайылап бааларды жогорулатуу/төмөндөтүү, анын ичинде жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын жашыруу же манипуляциялоо, жеке же башка кызыкчылыктардан улам. | Системалуу | Жогору | КР КМ БКБ, КР КК АИ, КУАЛ, кабыл алуу комиссиясы (подкомиссиялар) | КР КМ БКБ башчысы, КР КМ БКБ АББжИБ башчысы, КР КК АИ башчысы, КУАЛ башчысы, кабыл алуу комиссиясынын (подкомиссиянын) мүчөлөрү
| КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
2. | Аскер кызматчыларын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн чет мамлекеттердеги ар кандай курстарга жөнөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү | Квалификацияны жогорулатуу программалары боюнча чет өлкөлүк билим берүү уюмдарына аскер кызматчыларын негизсиз окууга жөнөтүү, анын ичинде окууга негиз болгон ишенимсиз маалыматтарды (маалыматтарды) атайылап берүү аркылуу, ошондой эле жеке же башка кызыкчылыктардан улам белгиленген критерийлерди жана талаптарды бузуу менен аскер кызматчыларын окууга талапкерлердин тизмесинен негизсиз чыгаруу. | Системалуу | Орточо | КР КМ БКБ, аскер бөлүктөр жана мекемелер
| КР КМ БКБ башчысы, КР КМ БКБ АББжИБ башчысы, аске аскер бөлүктөрдүн жана мекемелердин командирлери (башчылары)
| КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
3. | Контракт боюнча аскердик кызматка офицерлерди, прапорщиктерди жана сержанттарды аныктоо | Офицердик, прапорщиктик жана сержанттик кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алуу жөнүндө мыйзамда белгиленген талаптарды бузуу менен, анын ичинде медициналык каршы көрсөтмөлөр же жеке же башка кызыкчылыктардан улам келишим боюнча аскердик кызматка кирүүгө тоскоол болгон чектөөлөр бар болсо, негизсиз чечим кабыл алуу. | Системалуу | Орточо | КР КМ БКБ, КР КК ГШ БУМБ, республикалык аскер комиссариаттары
| КР КМ БКБ башчысы, КР КК ГШ БУМБ башчысы, аскер комиссарлар | КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
Функциясынын түрү: Мамлекеттик сатып алууларды өткөрүү | |||||||
4. | Товарларды, жумуштарды, кызматтарды жана консультациялык кызматтарды мамлекеттик сатып алууларды уюштуруу | Жабдууларды сатып алуу жана техникалык тапшырмаларды конкреттүү жеткирүүчүгө ылайыктап түзүү, башка катышуучуларды чектөө үчүн жабдуулар жана техникалык тапшырмалар боюнча критерийлерди негизсиз татаалдаштыруу, сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен сатып алуучулардын аффилирленгендиги, бир булактан сатып алууну негизсиз колдонуу, келишимдин наркын ашыкча баалоо жана анын шарттарын негизсиз өзгөртүү, анын ичинде кошумча келишимдерди жетиштүү негизсиз түзүү, келишимдин шарттарына иш жүзүндө туура келбеген товарларды, жумуштарды жана кызматтарды кабыл алуу, жеткирүүчүнүн келишимдик милдеттенмелерин бузгандыгын жашыруу жана жеке же башка кызыкчылыктардан улам мыйзамда каралган чараларды көрбөө. | Системалуу | Орточо | КР КМ САБ жана жана аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистер | КР КМ САБ башчысы, аскер бөлүктөрүндө жана мекемелеринде мамлекеттик сатып алуулар боюнча адистер, жана сынак комиссиясынын мүчөлөрү | КР Финансы министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар департаментинин ишине тиешелүү болгон тобокелдиктер |
Функциясынын түрү: Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү | |||||||
5. | Аскердик-дарыгердик комиссиясы тарабынан жарандарды медициналык кароодон өткөрүү | Аскерге жарамдуулугу боюнча атайылап негизсиз корутунду чыгаруу, ошондой эле аскерге кызмат өтөөгө тоскоолдук кылган ооруларды жана башка медициналык каршы көрсөтмөлөрдү акчалай сыйлык, белектер, кызматтар же башка материалдык пайда үчүн атайылап жашыруу. | Системалуу | Орточо | КР Коргоо министрлигинин аскердик госпиталы жана аскердик бейтапканасы | 44549 аскер бөлүгүнүн командири, КР КМ аскер бейтапканасынын башчысы, , аскердик-медициналык мекемелердин медициналык кызматкерлери жана аскердик-дарыгердик комиссиянын мүчөлөрү | КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
6. | КР КМ аскердик санаторийинде санатордук-курорттук дарылануу | Көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акча каражаттарынын келип түшкөндүгү жөнүндөгү маалыматты жашыруу же бурмалоо, анын ичинде эс алуучуларды жайгаштыруу, ошондой эле жашоо үчүн орундарды, анын ичинде жогорку категориядагы бөлмөлөрдү берүү, белгиленген тартипти жана төлөмдү сактабастан, жеке же башка кызыкчылыктарды эске алуу менен белгиленген тартипти бузуу. | Системалуу | Орточо | КР КМ аскердик санаториисы
| КР КМ аскердик санаториянын башчысы, бухгалтер жана аскердик санаторийдин кызматкерлери
| КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
7. | Авиациялык атайын иштер | Авиациялык атайын жумуштарды аткарууну ырастаган документтерге, анын ичинде жеке же башка кызыкчылыктардан улам арыздарды, каттамдарды, учуу райондорун жана иш пландарын негизсиз макулдашууну камтыган жалган маалыматтарды киргизүү. | Кырдаалдык | Орточо | КР КК АККК кол башчылыгы жана 23565 аскер бөлүгү | КР КК АККК кол башчылыгы, 23565 аскер бөлүгүнүн командири жана учуу-конуу курамы | КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
8. | Аскердик, формалык жана атайын кийим-кече жана формаларды тигүү | Аскердик форма тигүү боюнча мамлекеттик акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүү тартибин бузуу, бул кызматтын наркын негизсиз өзгөртүү, буйрутмаларды кезексиз аткаруу, айрым кардарларга негизсиз артыкчылыктарды берүү, жеке же башка кызыкчылыктардан улам түшкөн акча каражаттары жөнүндө маалыматты жашыруу же бурмалоо менен көрүнгөн. | Кырдаалдык | Төмөн | КР КМ МТЖТК | КР КМ БОБ башчысы, КР КМ МТЖТК башчысы жана кампа башчылары | КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
9. | Аскерге милдеттүү, кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары, прапорщиктер жана офицерлер үчүн аскердик катоо документтеринин дубликаттарын берүү | Мыйзамда белгиленген тартипти бузуу менен, анын ичинде анык эмес документтердин (маалыматтардын) негизинде, аларды таризделөө жана берүү мөөнөтүн бузуу менен, акы алуу же белгиленген өлчөмдөн ашык акча каражаттарын алуу менен аскердик катоо документтерин берүү, ошондой эле жеке же башка кызыкчылыктардан улам аскердик эсепке алуу эрежелерин бузуу фактылары аныкталганда мыйзамда каралган чараларды көрбөө. | Системалуу | Орточо | Республиканын аскер комиссариаттары
| Аскер комиссарлар жана аскер комиссариатын адистери | КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
Функциясынын түрү: Лицензиялоо-уруксат берүү ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу | |||||||
10. | Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарынын аскердик максаттагы продукцияларды жана кызматтарды иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу укугуна лицензиялоо | Лицензия берүүдөн негизсиз баш тартуу, мыйзам талаптарын бузуу менен лицензия берүү, анын ичинде жалган же толук эмес документтердин негизинде, аныкталган мыйзам бузуулар жана лицензиялык талаптарга жооп бербегендиги үчүн чара көрбөө, ошондой эле жеке же башка кызыкчылыктардан улам мыйзамда белгиленген талаптарга жооп бербеген адамдарга лицензия берүү. | Системалуу | Орточо | Экспорттук контролдоо жана лицензиялоо мекемеси | Мекеменин башчысы | Бул тобокелдиктер лицензиялоо-уруксат берүү ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
11. | Аскердик максаттагы көзөмөлдөнгөн продукцияларга карата экспорт жана импорт лицензияларын, транзиттик жана реэкспорттук уруксаттарды, ошондой эле акыркы колдонуучунун сертификаттарын берүүнү ишке ашыруу | Аскердик максаттагы контролдонуучу продукцияларга экспорт, импорт, транзит, реэкспорт үчүн лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу, ошондой эле акыркы колдонуучу сертификатын берүү жөнүндө негизсиз чечим кабыл алуу, анын ичинде мыйзам талаптарын бузуу менен, жалган же толук эмес документтердин негизинде, жеке же башка кызыкчылыктардан улам. | Системалуу | Орточо | Экспорттук контролдоо жана лицензиялоо мекемеси | Мекеменин башчысы | Бул тобокелдиктер лицензиялоо-уруксат берүү ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциясынын түрү: Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштуруу жана өткөрүү | |||||||
12. | Жарандарды мобилизациялык резервдин жыйынына (МРЖ) чакуруу | Ченемдик укуктук актыларында белгиленген жарандарды МРЖга жөнөтүү кезегин аныктоо тартибин, ошондой эле жеке адамдардын кызыкчылыгында МРЖга жөнөтүү үчүн кошумча квоталарды бөлүү (бөлүштүрүү) тартибин, мыйзамсыз пайда алуу максатында бузуу. | Системалуу | Жогору | КР КК ГШ БУМБ, республиканын аскер комиссариаттары | КР КК ГШ БУМБ башчысы, КР КК ГШ БУМБ башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, аскер комиссарлар жана аскер комиссариаттын кызматкерлери
| КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
13. | Жаранды (чакырылуучуну) мөөнөттүү аскердик кызматка чакыруу | Кызмат абалынан пайдаланып, аскерге чакыруунунун мыйзамсыз мөөнөтүн узартуу, жарандын ден соолугу же үй-бүлөлүк абалы тууралуу жалган маалымат киргизүү, ошондой эле жаранды аскерге чакырууга байланыштуу документтерди жашыруу же жок кылуу аркылуу мыйзамсыз пайда алуу. | Системалуу | Жогору | КР КК ГШ БУМБ, республиканын аскер комиссариаттары жана аскердик-дарыгердик-комиссиясы | КР КК ГШ БУМБ башчысы, КР КК ГШ БУМБ башкармалыктарынын жана бөлүмдөрүнүн башчылары, аскер комиссарлары, аскер комиссариаттын кызматкерлери жана аскердик-дарыгердик-комиссиясынын мүчөлөрү
| Бул тобокелдиктер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык мекемелеринин ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
14. | Жарандарды альтернативдик кызматка чакыруу | Мамлекеттик кызмат абалынан пайдаланып, жарандан альтернативдик кызмат өткөндүгү үчүн акчалай төлөмдү мамлекеттин кирешесине банк мекемелери аркылуу которуунун белгиленген тартибин бузуу менен, мыйзамсыз пайда алуу максатында накталай акча каражаттарын кабыл алуу. | Системалуу | Жогору | Республиканын аскер комиссариаттары жана аскердик-дарыгердик-комиссиясы | Аскер комиссарлары, аскер комиссариаттын кызматкерлери жана аскердик-дарыгердик-комиссиясынын мүчөлөрү | Бул тобокелдиктер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык мекемелеринин ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциясынын түрү: Ички аудит жүргүзүү жана атайын текшерүүлөрдү өткөрүү | |||||||
15. | Ички аудит жана атайын текшерүүлөрдү жүргүзүү | Ички аудитти жана атайын текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ченемдик укуктук актылар тарабынан белгиленген тартибин бузуу, текшерүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо, аныкталган бузууларды жашыруу же жеке адамдардын кызыкчылыгында мыйзамсыз пайда алуу максатында чечимдерди кабыл алуу аркылуу көрүнөт. | Системалуу | Орточо | КР КМ ИАБ | КР КМ ИАБ башчысы жана КР КМ ИБА кызматкелери
| КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
Функциясынын түрү: Аскердик объектилерди курууну жана оңдоону жүргүзүү | |||||||
16. | Аскердик объектилерди курууну жана оңдоону уюштуруу жана жүргүзүү | Аскердик объектилерди куруу жана оңдоо боюнча келишимдерди түзүү жана узартуу, аткарылган иштердин актыларын тариздөө, жеке адамдардын кызыкчылыгында мыйзамсыз пайда алуу максатында иштердин натыйжалары жөнүндө маалыматты жашыруу же бурмалоо боюнча ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартипти бузуу. | Системалуу | Орточо | КР КМ КАЖБ, КР КМ БТПКБ жана ОТПКБ | КР КМ КАЖБ башчысы, КР КМ БТПКБ жана ОТПКБ башчылары | Бул тобокелдиктер КР Президентинин Иш башкармасынын алдындагы «Кыргызстройсервис» мамлекеттик ишканасынын ишине тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциясынын түрү: Финансылык-чарбалык ишмердүүлүк | |||||||
16. | Финансылык-чарбалык ишмердүүлүктү уюштуруу жана жүргүзүү | Бюджеттик каражаттарды сарптоо, акчалай компенсацияларды жана башка төлөмдөрдү эсептөө жана төлөө боюнча ченемдик укуктук актылар тарабынан белгиленген тартипти бузуу, бул кызмат адамынын жеке кызыкчылыгында жана үчүнчү жактардын мыйзамсыз эсептелген, которулган, уурдалган акча каражаттарын алуу максатында мыйзамсыз пайда алуусу менен көрүнөт. | Системалуу | Орточо | КР КМ ФБ жана аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин каржы кызматтары
| КР КМ ФБ башчысы жана аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелердин каржы кызматтарынын башчылары
| КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
Функциясынын түрү: Аскердик мүлктү башкаруу | |||||||
17. | Курал-жарактарды, аскердик техниканы, материалдык каражаттарды жана мүлктү аскердик камсыздоо түрлөрү боюнча эсепке алууну, сактоону, пайдаланууну жана эсептен чыгарууну уюштуруу | Жабдууларды, аскердик техниканы, ок-дарыларды, материалдык каражаттарды (кийим-кече, азык-түлүк, медициналык, инженердик, турак-жайды пайдалануу, байланыш, радиациялык, химиялык жана биологиялык коргоо, күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча камсыздоо түрлөрү боюнча) ошондой эле казарма-турак жай фондусунун объектилерин эсепке алуу, сактоо жана эсептен чыгаруунун ченемдик укуктук актылар менен белгиленген тартибин бузуу, бул бузуу жалган эсептен чыгаруу, эсепке алуу документтерине жалган маалыматтарды киргизүү же үчүнчү жактардын кызыкчылыгында мыйзамсыз пайдалануу аркылуу мыйзамсыз пайда алуу максатында жасалган учурда. | Системалуу | Орточо | КР КМ БКБ, БОБ,АКИББ, КАЖБ, КР КК ГШ ККБ, АБ, ББ, 8 бөлүм, КР КК ТБОК, АККК, УГ, 8-гв.мад, аскер болүктөр жана мекемелер
| КР КМ БКБ, БОБ,АКИББ, КАЖБ башчылары, КР КК ГШ ККБ, АБ, ББ, 8 бөлүм башчылары, Аскерлердин (күчтөрдүн) кол башчылары, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командирлери, аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командирлеринин жана башчыларынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басарлары, аскер бөлүктөрүндөгү жана мекемелериндеги аскерлердин (күчтөрдүн) жана кызматтардын башчылары. | КР КМ ишине тиешелүү тобокелдиктер |
Колдонулган кыскартуулар:
КР КК – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү;
КР КМ – Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;
КР КК ГШ - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;
БКБ – Башкы кадрлар башкармалыгы;
БОБ – Башкы оорук башкармалыгы;
БКБ – Башкы куралдануу башкармалыгы;
АКИББ – Аскерлердин күнүмдүк ишмердүүлүгү башкы башкармалыгы;
АБ – Артиллерия башкармалыгы;
ББ – Байланыш башкармалыгы;
ККБ – Күжүрмөн камсыздоо башкармалыгы;
АББжИБ – Аскердик билим берүү жана илимий башкармалыгы;
БУБМ – Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгы;
АИ – Аскер институту;
КУАЛ – Кыргыз улуттук аскер лицейи;
МТЖТК - Мамлекеттик турмуш-тиричилик жактан тейлөө комбинаты;
ИАБ – Ички аудит бөлүмү;
САБ – Сатып алуулар бөлүмү;
ФБ – Финансы башкармалыгы;
КАЖБ – Курулуш жана аскерлерди жайгаштыруу башкармалыгы;
БТПКБ (ОТПКБ) – Бишкек жана Ош турак жай пайдаланууну камсыздоо базасы;
АККК – Абадан кол салуудан коргоо күчтөрү;
ТБОК – Түштүк-Батыш оперативдик кол башчылыгы;
УГ – Улуттук гвардия
8-гв. мад – 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясы.