КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 24-августу № 643-т
«Мамлекеттик маанидеги долбоор» статусуна ээ Кыргыз Республикасынын «Менин үйүм» мамлекеттик турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 3-сентябрындагы № 521-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
– преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:»;
– 1-пунктта «мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен гана» деген сөздөр алып салынсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |