Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 30-июлу № 514
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Өсүп келе жаткан муундун психикалык саламаттыгын сактоо жана чыңдоо үчүн зарыл шарттарды колдоо жана өнүктүрүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 23-июлундагы № 336 «Билим берүү уюмдарынын болжолдуу типтүү штаттарын бекитүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2.1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
2) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи сап менен толукталсын:
«
Психолог | 0,25 | 0,25 | 0,25 | 0,5 | 0,5 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 | 1,0 |
».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |