Редакцияот 22.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

 

2026-жылдын 22-июлу № 116

 

 

2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026-2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашууну ратификациялоо тууралуу

 

 

1-берене.

2026-жылдын 3-майында Самарканд шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы 2026-2027-жылдарга каржылоо планы жөнүндө алкактык макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Алкактык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 25-июнунда

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган