Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-июлу № 502
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө
"Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 29-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери 1-тиркемеге ылайык;
2) мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2023-жылдын 1-октябрына чейин мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттар дайындалган кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адвокаттар көрсөткөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөө, акы төлөө каралган баскыч аяктаганга чейин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-декабрындагы № 593 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө" токтому менен белгиленген тарифтерге жана тартипке ылайык жүргүзүлөт;
2) 2023-жылдын 1-октябрынан тартып жана ушул токтом күчүнө киргенге чейин мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттар дайындалган кылмыш-жаза, жарандык, административдик иштер жана укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча адвокаттар көрсөткөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 387 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен белгиленген тарифтерге жана тартипке ылайык жүргүзүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 387 "Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтерин жана адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Бул токтомдун 3-пункту ушул токтом күчүнө киргенге чейин пайда болгон укуктук мамилелерге колдонулбайт деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн ТАРИФТЕРИ
1-глава. Кылмыш иштери боюнча квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери
1. Кылмыш иштери боюнча алуучуга (кармалганга, шектүүгө, айыпталуучуга, акталганга, соттолгонго) адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн акы төлөө төмөнкү тарифтер боюнча жүргүзүлөт:
1) кылмыш жасады деп шектелген адамды кармоодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн күндүзгү убакта - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч, түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
2) кылмыш жасады деп шектелген адамды кармоодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокат анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен белгиленген тартипте чакырылса, процесстик аракеттерди жасоо үчүн келсе, бирок алуучу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында коргоону жүзөгө ашыруучу адвокаттан жазуу жүзүндө баш тартса - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
3) кылмыш жасады деп шектелген адамды кармоонун мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндө өтүнүчтү тергөө судьясы караганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн күндүзгү убакта - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч, түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү - 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч;
4) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн натыйжасында, тергөө судьясы тарабынан кармоону мыйзамсыз жана (же) негизсиз деп таануу жөнүндө сот актысы чыгарылган учурда (адвокаттын кылмыш куугунтуктоо органынын өтүнүчүнө каршы пикири) - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
5) тергөө судьясы тарабынан бөгөт коюу чарасын колдонуу (узартуу/өзгөртүү), анын ичинде сырттан кароо жөнүндө өтүнүчтү кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн, күндүзгү убакта (адвокаттын кароого катышуусу) - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч, түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү - 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч;
6) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүнүн натыйжасында тергөө судьясы тарабынан кылмыш куугунтуктоо органынын камакта кармоо менен байланышкан бөгөт коюу чарасын колдонуу (узартуу/өзгөртүү) жөнүндө өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартылган жана камакта кармоо менен байланышпаган башка бөгөт коюу чарасы колдонулган учурда (адвокат тарабынан өтүнүч, кылмыш куугунтуктоо органынын өтүнүчүнө каршы пикир билдирилгенде) - 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч;
7) кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын (укук коргоо жана көзөмөл органдары) чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир өтүнүч же даттануу үчүн 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
8) тергөө судьясы тарабынан төмөнкүлөрдү кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн:
- прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, алгачкы текшерүү органдарынын токтомдоруна, чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) карата адвокаттын даттануусун (кароодо адвокаттын катышуусу) - тергөө судьясынын ар бир чечими үчүн 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
- башка тараптардын өтүнүчүн же даттануусун (кароого адвокаттын катышуусу, даттанууга же өтүнүчкө каршы пикир) - тергөө судьясынын ар бир чечими үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч;
9) апелляциялык инстанциядагы сотто тергөө судьясынын сот актысына адвокаттын даттануусун кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (кароого адвокаттын катышуусу) - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч, сот тарабынан даттануу канааттандырылган учурда - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
10) сотко чейинки өндүрүштө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган сотко чейинки өндүрүш баскычындагы квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
11) кылмыш иши козголгон датадан тартып кылмыш ишин эки айдан ашык тергөөдө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн, адвокат сотко чейинки өндүрүшкө түздөн-түз катышкан ар бир кийинки ай үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
12) биринчи инстанциядагы сотто кылмыш иши боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
13) адвокат сотко чейинки өндүрүш баскычына катышпаса, биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 90 (токсон) эсептик көрсөткүч;
14) биринчи инстанциядагы сотко келип түшкөн күндөн тартып кылмыш ишин эки айдан ашык кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси боюнча кийинкиге калтырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
15) апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
16) эгерде адвокат сотко чейинки өндүрүшкө, биринчи инстанциядагы сотко катышпаса, апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч;
17) кылмыш ишин апелляциялык инстанциядагы сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашык кароодо, квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси боюнча кийинкиге калтырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
18) кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
19) эгерде адвокат сотко чейинки өндүрүшкө, биринчи, апелляциялык инстанциядагы сотторго катышпаса, кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
20) сотко чейинки өндүрүш же соттук териштирүү баскычтарында (адвокаттын түздөн-түз катышуусу менен) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн, анын натыйжасында реабилитациялык негиздер боюнча кылмыш куугунтуктоо токтотулганда же алуучуну актоо жөнүндө жыйынтыктоочу сот актысы чыгарылганда - 100 (жүз) эсептик көрсөткүч;
21) жаңы же кайра ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кароодо же болбосо кылмыш ишин жаңыдан кароого кайтарууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - соттун ар бир инстанциясы үчүн - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
22) эгерде адвокат сотко чейинки өндүрүшкө, биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы сотторго катышпаса, жаңы же кайра ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кароодо же болбосо кылмыш ишин жаңыдан кароого кайтарууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - соттун ар бир инстанциясы үчүн 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
23) жыйынтыктоочу сот актысы чыгарылганга чейин кабыл алынган соттордун токтомдоруна/аныктамаларына адвокат тарабынан даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (даттанууну түзүү жана аларды кароого катышуу) - ар бир даттануу үчүн 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч, даттануу канааттандырылган учурда - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
24) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотторго сот актыларына даттануунун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды/өтүнүчтү түзүү жана берүү боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (арызды/даттанууну түзүү жана аларды кароого катышуу) - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
25) сотко чейинки өндүрүш баскычында жана (же) биринчи инстанциялардагы сотто көп эпизоддук иштер боюнча (эки эпизод жана андан жогору) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир эпизод үчүн 3 (үч) эсептик көрсөткүч;
26) апелляциялык жана (же) кассациялык инстанциялардагы соттордо көп эпизоддук иштер боюнча (эки эпизод жана андан жогору) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн -ар бир эпизод үчүн 2 (эки) эсептик көрсөткүч;
27) сотко чейинки өндүрүш же соттук териштирүү баскычтарында (адвокаттын катышуусу менен) көп эпизоддук иштер боюнча (эки эпизод жана андан жогору) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн, анын натыйжасында реабилитациялык негиздер боюнча кылмыш куугунтуктоо токтотулганда же бир же андан ашык эпизод боюнча актоо жөнүндө жыйынтыктоочу сот актысы чыгарылганда - ар бир эпизод үчүн 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
28) сотко чейинки өндүрүш баскычында жана (же) биринчи инстанциядагы сотто оор кылмыштар боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
29) апелляциялык жана (же) кассациялык инстанциялардагы соттордо оор кылмыштар боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
30) оор кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүш же соттук териштирүү баскычтарында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн, анын натыйжасында алуучунун жосуну анча оор эмес кылмышка кайра квалификацияланганда - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
31) сотко чейинки өндүрүш баскычында жана (же) биринчи инстанциядагы сотто өзгөчө оор кылмыштар боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
32) апелляциялык жана (же) кассациялык инстанциялардагы соттордо өзгөчө оор кылмыштар боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
33) өзгөчө оор кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүш же соттук териштирүү баскычтарында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн, анын натыйжасында алуучунун жосуну анча оор эмес кылмышка кайра квалификацияланганда - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
34) бир кылмыш иши боюнча бир нече алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (алуучулардын көрсөтмөлөрүндө карама-каршылыктар жок болгон шартта):
- сотко чейинки өндүрүштө - ар бир кийинки алуучу үчүн 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
- биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордо - ар бир кийинки алуучу үчүн 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
- кассациялык инстанциядагы сотто - ар бир кийинки алуучу үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч;
35) сотко чейинки өндүрүш баскычында жана (же) биринчи инстанциядагы сотто кылмыш иштерин бир өндүрүшкө бириктирүүдө же кошууда (көрсөтмөлөрдө карама-каршылыктар жок болгон жана алуучулар макул болгон шартта) бир нече алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир кийинки алуучу үчүн 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
36) түздөн-түз пенитенциардык системанын мекемелеринде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (календардык айдын ичинде адвокат менен алуучунун экиден кем эмес жолугушуу шартында) - айына 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
37) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүн аткаруу баскычында квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн:
- арыздарды, өтүнүчтөрдү, даттанууларды жана башка процесстик документтерди даярдоодо жана берүүдө (алуучу менен жолугушууну жана аңгемелешүүнү кошкондо) - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
- адвокат биринчи же апелляциялык инстанциядагы сотко түздөн-түз катышканда - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч.
2. Кылмыш иштери боюнча алуучуга (жабырлануучуга) адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн акы төлөө төмөнкү тарифтер боюнча жүзөгө ашырылат:
1) тергөө судьясы тарабынан бөгөт коюу чарасын колдонуу (узартуу/өзгөртүү), анын ичинде сырттан кароону колдонуу жөнүндө өтүнүчтү кароодо кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан адамга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн, күндүзгү убакта - 10 (он) эсептик көрсөткүч, түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
2) кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын (укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары) чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн, ар бир өтүнүчкө же даттанууга - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
3) тергөө судьясы тарабынан төмөнкүлөр каралганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн:
- прокурордун, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин, алгачкы текшерүү органдарынын токтомдоруна, чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) карата адвокаттын даттануусуна (адвокаттын кароого катышуусу) - тергөө судьясынын ар бир чечими үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч;
- башка тараптардын өтүнүчүнө же даттануусуна (адвокаттын кароого катышуусу, даттанууга же өтүнүчкө каршы пикир) - тергөө судьясынын ар бир чечими үчүн 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
4) апелляциялык инстанциядагы сотто тергөө судьясынын сот актысына адвокаттын даттануусун кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (адвокаттын кароого катышуусу) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
5) сотко чейинки өндүрүштө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган сотко чейинки өндүрүш баскычындагы квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
6) кылмыш иши козголгон датадан тартып кылмыш ишин эки айдан ашык тергөөдө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн, адвокат түздөн-түз катышкан ар бир кийинки ай үчүн - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
7) биринчи инстанциядагы сотто кылмыш иши боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
8) эгерде адвокат сотко чейинки өндүрүшкө катышпаса, биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
9) биринчи инстанциядагы сотто кылмыш ишин кароодо ал сотко келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашык каралган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси боюнча кийинкиге калтырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
10) апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган апелляциялык инстанциядагы квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
11) эгер адвокат сотко чейинки өндүрүшкө, биринчи инстанциядагы сотко катышпаса, апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган апелляциялык инстанциядагы квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
12) апелляциялык инстанциядагы сотто кылмыш ишин кароодо ал сотко келип түшкөн күндөн тартып бир айдан ашык каралган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси боюнча кийинкиге калтырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
13) кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган кассациялык инстанциядагы квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
14) эгер адвокат биринчи, апелляциялык инстанциялардагы сотторго катышпаса, кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган кассациялык инстанциядагы квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
15) жаңы же кайра ачылган жагдайлар боюнча кылмыш ишин кароодо же кылмыш ишин жаңыдан кароого кайтарууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - соттун ар бир инстанциясы үчүн 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
16) жыйынтыктоочу соттук акт чыгарылганга чейин кабыл алынган соттун токтомдоруна/аныктамаларына даттанууда адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (даттанууну түзүү жана аны кароодо катышуу) - ар бир даттануу үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч;
17) бир кылмыш иши боюнча бир нече алуучуларга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн:
- сотко чейинки өндүрүштө - ар бир кийинки алуучу үчүн 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
- биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордо - ар бир кийинки алуучу үчүн 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
- кассациялык инстанциядагы сотто - ар бир кийинки алуучу үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч;
18) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотторго сот актыларын даттанууга өткөрүп жиберилген мөөнөттү калыбына келтирүү жөнүндө арызды/өтүнүчтү түзүү жана берүү боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (арызды/даттанууну түзүү жана аны кароодо катышуу) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
19) оор кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүш баскычында жана (же) биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
20) оор кылмыштар боюнча апелляциялык жана (же) кассациялык инстанциядагы соттордо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
21) өзгөчө оор кылмыштар боюнча сотко чейинки өндүрүш баскычында жана (же) биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
22) өзгөчө оор кылмыштар боюнча апелляциялык жана (же) кассациялык инстанциялардагы соттордо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир инстанция үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч.
3. Кылмыш иштери боюнча алуучуга (жашы жете элек күбөгө) адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн акы төмөнкүдөй тарифтер боюнча төлөнөт:
1) сотко чейинки өндүрүш баскычында жана (же) биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
2) жаңы же кайра ачылган жагдайлар боюнча сотто кылмыш ишин кароодо же кылмыш ишин жаңыдан кароого кайтарууда биринчи, апелляциялык инстанциялардагы соттордо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч.
2-глава. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери
4. Укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокатка акы төмөнкү тарифтер боюнча төлөнөт:
1) укук бузууну жасоого шектелген адамды кармоодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн күндүзгү убакта - 10 (он) эсептик көрсөткүч, түнкү убакта, майрам жана дем алыш күндөрү - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
2) эгерде адвокат белгиленген тартипте анын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен чакырылып, процессуалдык аракеттерди жасоо үчүн келсе, бирок алуучу мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында коргоону жүзөгө ашырган адвокаттан жазуу жүзүндө баш тартса, укук бузууну жасоого шектелген адамды кармоодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 5 (беш) эсептик көрсөткүч;
3) укук бузуу жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын мыйзамсыз кармоо, камакка алуу менен байланышкан чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ар бир даттануу үчүн -5 (беш) эсептик көрсөткүч;
4) укук бузууну жасоого шектелген адамды кармоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын токтомуна даттанууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
5) укук бузуу жөнүндө иш боюнча камакка алууну колдонуу жөнүндө биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
6) биринчи инстанциядагы соттун укук бузуу жөнүндө иш боюнча кармоонун, камакка алууну колдонуунун мыйзамдуулугу маселеси боюнча чечимин даттанууда апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (даттанууну берүү, сотко катышуу) - 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч.
3-глава. Жарандык иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери
5. Жарандык иштер боюнча алуучуга көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокатка акы төмөнкү тарифтер боюнча төлөнөт:
1) сотко доо арызын түзүүдө жана берүүдө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
2) тосмо доону түзүүдө жана берүүдө жана биринчи инстанциядагы сот тарабынан тосмо доону кабыл алууда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
3) доону же башка процессуалдык документтерди биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотторго берүү үчүн мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды/өтүнүчтү түзүүдө жана берүүдө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
4) жарандык ишти биринчи инстанциядагы сотто кароодо квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде соттук талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
5) эгерде адвокат ишке соттук териштирүү баскычында киришсе, жарандык ишти биринчи инстанциядагы сотто кароодо квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде соттук талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч;
6) адвокат ишке киришкенден кийин сот тарабынан бир нече доо талаптары бир өндүрүшкө бириктирилгенде жарандык ишти биринчи инстанциядагы сотто кароодо квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 90 (токсон) эсептик көрсөткүч;
7) эгерде жарандык ишти биринчи инстанциядагы сотто кароо ал сотко келип түшкөн күндөн тартып үч айдан ашык созулса квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси менен жылдырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
8) жарандык ишти апелляциялык инстанциядагы сотто кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде соттук талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
9) эгерде адвокат биринчи инстанциядагы сотко катышпаса, жарандык ишти апелляциялык инстанциядагы сотто кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде соттук талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч;
10) жарандык ишти апелляциялык инстанциядагы сотто ал сотко келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашык кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси боюнча жылдырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
11) жарандык ишти кассациялык инстанциядагы сотто кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде соттук талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
12) эгерде адвокат биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы соттордо катышпаса, жарандык ишти кассациялык инстанциядагы сотто кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде соттук талаш-тартышты тынчтык же медициялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч;
13) кайра ачылган же жаңы ачылган жагдайлар боюнча жарандык ишти кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде соттук талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир инстанция үчүн 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
14) эгер адвокат биринчи, апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттордо катышпаса, кайра ачылган же жаңы ачылган жагдайлар боюнча жарандык ишти кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч, ар бир кийинки инстанция үчүн - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
15) кайра ачылган жагдайлар же жаңы ачылган жагдайлар боюнча жарандык ишти ал сотко келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашык кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси боюнча жылдырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
16) сот тарабынан жарандык ишти жаңы кароого жөнөтүүдө квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде соттук талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир инстанция үчүн 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
17) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы сотторго катышпаса, сот тарабынан жарандык ишти жаңыдан кароого жөнөтүүдө квалификациялуу юридикалык жардам, анын ичинде соттук талаш-тартышты тынчтык же медиациялык макулдашуу менен жөнгө салууда жардам көрсөткөндүгү үчүн - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч, ар бир кийинки инстанция үчүн - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
18) талаш-тартыштын маңызы боюнча эмес кароого кабыл алынган сот актыларына даттануу боюнча апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы соттордо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн:
- адвокат берген даттанууну сот анын катышуусу менен караганда - ар бир инстанция үчүн 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
- иш боюнча башка тарап берген даттанууну сот адвокаттын катышуусу менен караганда - ар бир инстанция үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч;
19) талаш-тартыштын маңызы боюнча эмес кароого кабыл алынган, адвокат тарабынан даттанылган сот актылары апелляциялык же кассациялык сот тарабынан канааттандырылганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир даттануу үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч;
20) жарандык иш алуучу-доогердин пайдасына оңунан чечилгенде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн:
- сот тарабынан доо талаптары толугу менен канааттандырылганда - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
- сот тарабынан доо талаптары жарым-жартылай канааттандырылганда - 25 (жыйырма беш) эсептик көрсөткүч;
21) жарандык иш алуучу-жоопкердин пайдасына оңунан чечилгенде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн:
- сот тарабынан доогердин доо талаптарын канааттандыруудан толук баш тартылганда - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
- сот тарабынан доогердин доо талаптарын канааттандыруудан жарым-жартылай баш тартылганда - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч.
4-глава. Административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тарифтери
6. Алуучуга административдик иштер боюнча көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокатка акы төмөнкү тарифтер боюнча төлөнөт:
1) сотко административдик доону түзүүгө жана берүүгө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 40 (кырк) эсептик көрсөткүч;
2) административдик доону же башка процессуалдык документтерди биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы сотторго берүү үчүн мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды/өтүнүчтү түзүүгө жана берүүгө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 15 (он беш) эсептик көрсөткүч;
3) административдик ишти биринчи инстанциядагы сотто кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 60 (алтымыш) эсептик көрсөткүч;
4) эгерде адвокат ишке соттук териштирүү баскычында киришсе, административдик ишти биринчи инстанциядагы сотто кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган биринчи инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 80 (сексен) эсептик көрсөткүч;
5) административдик иш биринчи инстанциядагы сотто ал сотко келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашык каралганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси боюнча жылдырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
6) административдик ишти апелляциялык инстанциядагы сотто кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
7) эгерде адвокат биринчи инстанциядагы сотко катышпаса, административдик ишти апелляциялык инстанциядагы сотто кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган апелляциялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
8) административдик иш апелляциялык инстанциядагы сотто ал сотко келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашык каралганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси боюнча жылдырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
9) административдик ишти кассациялык инстанциядагы сотто кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
10) эгерде адвокат биринчи жана апелляциялык инстанциялардагы сотторго катышпаса, административдик ишти кассациялык инстанциядагы сотто кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн (өзүнчө акы төлөө каралган кассациялык инстанциядагы сотто квалификациялуу юридикалык жардамды кошпогондо) - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
11) кайра ачылган же жаңы ачылган жагдайлар боюнча административдик ишти кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир инстанция үчүн 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
12) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы сотторго катышпаса, административдик ишти кайра ачылган же жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароодо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч, кийинки инстанциялар үчүн - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
13) кайра ачылган же жаңы ачылган жагдайлар боюнча административдик иш ал сотко келип түшкөн күндөн тартып эки айдан ашык каралганда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокаттын сот отурумуна ар бир кийинки катышуусу үчүн (адвокаттын демилгеси боюнча жылдырылган сот отурумдарын кошпогондо) - 10 (он) эсептик көрсөткүч;
14) сот тарабынан административдик ишти жаңыдан кароого жөнөтүүдө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир инстанция үчүн 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
15) эгерде адвокат биринчи, апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттордо катышпаса, сот тарабынан административдик ишти жаңыдан кароого жөнөтүүдө квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн -50 (элүү) эсептик көрсөткүч, кийинки инстанциялар үчүн - 30 (отуз) эсептик көрсөткүч;
16) талаш-тартыштын маңызы боюнча эмес кароого кабыл алынган сот актыларына даттануу боюнча апелляциялык же кассациялык инстанциялардагы соттордо квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн:
- адвокат берген даттанууну сот анын катышуусу менен караганда - ар бир инстанция үчүн 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч;
- иш боюнча башка тарап берген даттанууну сот адвокаттын катышуусу менен караганда - ар бир инстанция үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч;
17) талаш-тартыштын маңызы боюнча эмес кароого кабыл алынган адвокат тарабынан даттанылган сот актыларын апелляциялык же кассациялык сот канааттандырган учурда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн - ар бир даттануу үчүн 10 (он) эсептик көрсөткүч;
18) административдик иш алуучунун пайдасына оңунан чечилгенде квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн:
- сот тарабынан доо талаптар толугу менен канааттандырылганда - 50 (элүү) эсептик көрсөткүч;
- сот тарабынан доо талаптар жарым-жартылай канааттандырылганда - 20 (жыйырма) эсептик көрсөткүч.
7. Ушул акы төлөөнүн тарифтери иш сапар менен байланышкан чыгымдардан тышкары алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу адвокаттын бардык чыгымдарын камтыйт (административдик-аймактык бирдиктин чегинде жол киреге транспорттук чыгымдар, кеңсе буюмдарын сатып алуу, байланышка акы төлөө, кеңсени жана жабдууларды ижарага алуу ж.б.).