Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ  V СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 31-июлу  № 5/3

 

Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы муниципалдык менчикте турган жерден Ак-Талаа райондук ички иштер бѳлүмүнүн  Чолок-Кайың аймактык милициянын бѳлүмчѳсүнүн имаратын куруу жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык депутаттардын Ала-Буга айылдык кеңешинин сессиясы

 

 ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың айылындагы К.Маметов №16 дарегинде жайгашкан муниципалдык менчикте турган идентификациялык коду 4-01-02-1002-0245  айылдык оорукананын түндүк тарабынан ашыкча жалпы аянты 630 (алты жүз отуз) чарчы метр болгон бош жаткан жер тилкесин мамлекеттик менчикке берүүгѳ макулдук берилсин.

2.    Тиешелүү документтерди бүткѳрүү жагы   Ала-Буга айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сулаймановго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 

Төрага:

 

Бактыбай уулу Кубанычбек