Загрузка документа…
|
| |
|
| 2-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 22-июлундагы № 502 токтомуна) |
Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөөнүн тартиби
1. Бул Тартип мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында квалификациялуу юридикалык жардам алууга укугу бар адамдарга (мындан ары – алуучу) квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөткөндүгү үчүн адвокатка акы төлөөнүн тартибин жөнгө салат.
2. Алуучуларга квалификациялуу юридикалык жардам мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү боюнча Адвокаттардын мамлекеттик реестрине (мындан ары – Реестр) киргизилген жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматы (мындан ары – Кызмат) менен келишим түзгөн адвокаттар тарабынан көрсөтүлөт.
3. Кыргыз Республикасынын мамлекет кепилдеген юридикалык жардам чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык кылмыш-жаза, жарандык, административдик иш жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Кызматтын координатору (мындан ары – Координатор) адвокатты дайындайт.
Адвокатты дайындоо мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын алкагында автоматташтырылган маалыматтык система аркылуу ишке ашырылышы мүмкүн.
4. Адвокаттын кезметте турган мезгилинде Координатор кылмыш-жаза, жарандык сот өндүрүшү жана укук бузуулар жөнүндө иштин өндүрүшү боюнча ага жалпысынан бештен ашык эмес ишти жүргүзүүнү дайындоого укуктуу.
Бул чектөө Реестрде турган адвокаттардын саны жетишсиз административдик-аймактык бирдиктерде колдонулбайт. Адвокаттардын саны жетишсиз административдик-аймактык бирдиктердин тизмеси Кызматтын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан аныкталат.
5. Адвокат кылмыш-жаза, жарандык же административдик сот өндүрүшүндө, укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштө белгилүү бир баскыч аяктагандан кийин он жумуш күндүн ичинде Адвокат тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамдын регистрин (мындан ары – Регистр) түзөт, Кызмат тарабынан бекитилген формага ылайык Регистрди жана квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү жөнүндө отчетту (мындан ары – отчет) тиркөө менен Кызматтын аймактык бөлүмдөрүнө арыз менен кайрылат.
6. Координатор арыз катталган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде Регистрди жана адвокаттын отчетун карап чыгат жана жыйынтыгы боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокатка акы төлөө же токтото туруу же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
Кабыл алынган чечимдин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү үчүн Координатор жеке жоопкерчилик тартат.
7. Координатор алуучудан даттануу келип түшкөн учурда квалификациялуу юридикалык жардам үчүн акы төлөөнү токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алат. Даттануу маңызы боюнча каралып, акыркы чечим кабыл алынганга чейин анда көрсөтүлгөн ишке карата убактылуу токтото туруу колдонулат.
8. Координатор төмөнкү учурларда адвокатка акы төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат:
1) эгерде адвокат Координатордун тиешелүү чечимисиз квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүгө киришсе;
2) эгерде мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасында кылмыш-жаза иштери жана укук бузуулар жөнүндө иштер, жарандык жана административдик иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүүчү адвокаттардын ишинин сапат стандартына ылайык адвокат тарабынан кылмыш-жаза, жарандык же административдик сот өндүрүшүнүн баскычтарына, ошондой эле укук бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүшкө катышканын тастыктаган Регистр жана отчет берилбесе;
3) эгерде алуучунун даттануусун кароонун жыйынтыгы боюнча адвокатка карата мыйзамдарга ылайык таасир этүү чаралары колдонулса жана мындай таасир этүү чарасы даттануунун предмети болгон конкреттүү иш боюнча анын милдеттерин талаптагыдай эмес жана сапатсыз аткаруусуна байланыштуу болсо;
4) эгерде Регистрди жана отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча Координатор тарабынан алуучуда ошол эле иш боюнча макулдашуу боюнча адвокаттын бар экендиги аныкталса жана ошол эле учурда адвокат тарабынан бул жөнүндө Координаторго белгиленген тартипте кабарлоо боюнча чаралар көрүлбөсө.
9. Адвокатка көз каранды эмес жагдайлар (алуучунун андан ары квалификациялуу юридикалык жардам алуудан жазуу жүзүндө баш тартуусу, алуучунун квалификациялуу юридикалык жардам алуу үчүн туура эмес маалымат бериши, квалификациялуу юридикалык жардам алуу укугун жокко чыгара турган алуучунун финансылык абалынын өзгөрүшү, адвокатты алмаштыруу, адвокаттын же алуучунун өлүмү, макулдашуу боюнча адвокаттын катышуусу) боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү токтотулган учурда акы төлөө төмөнкү тартипте иш жүзүндө аткарган жумушу үчүн жүргүзүлөт:
1) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча аяктаган иш-аракеттер үчүн – белгиленген тарифтерден 100 %;
2) кылмыш-жаза ишин жүргүзүүнүн алкагында татаалдыгы үчүн (оор, өзгөчө оор кылмыштар, көп эпизоддуулук, алуучулардын саны) – адвокат тарабынан соттук өндүрүш баскычы жана (же) соттук инстанциялардын бири толук аяктаган шартта белгиленген тарифтерден 100 %.
3) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча бүтпөгөн иш-аракеттер үчүн (толук эмес көлөмдө) – иш жүзүндө аткарылган иштин көлөмүнө пропорционалдуу тиешелүү тарифтен 50 % өлчөмүндө;
4) кылмыш-жаза иштерин жүргүзүүнүн алкагында татаалдыгы үчүн (оор, өзгөчө оор кылмыштар, көп эпизоддуулук, алуучулардын саны) квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча аракеттер аяктабаган учурда (толук эмес көлөмдө) – белгиленген тарифтерден 25 %.
10. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан тизмеги аныкталуучу, адвокаттардын саны жетишсиз административдик-аймактык бирдиктерде квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөө иш жүзүндө аткарылган иштин көлөмүнө пропорционалдуу мамлекет кепилденген юридикалык жардамдын алкагында адвокаттар тарабынан көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардамга акы төлөө тарифтеринин суммасынан 25 % өлчөмүндө кошумча акы менен төлөнөт. Бул кошумча акы иш сапардык чыгымдарга карата колдонулбайт.
11. Координатордун адвокатка акы төлөө, төлөмдү токтотуп туруу же төлөөдөн баш тартуу жөнүндөгү чечими тиешелүү иштин Регистрине тиркелет, ал эми анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү адвокатка жөнөтүлөт.
12. Координатордун төлөмдү токтотуп туруу же төлөөдөн баш тартуу жөнүндө чечими административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте, ал эми кийин – сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
13. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөткөндүгү үчүн адвокатка акы төлөө Кызмат тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
14. Кызмат төлөмдү, төлөм жөнүндө чечим чыгарылган күндөн тартып он беш жумуш күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен акча каражаттарын адвокаттын алыш-бериш эсебине которуу жолу менен жүргүзөт.
Киреше салыгын кармоо жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөр салык мыйзамдарында жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
15. Адвокат тарабынан берилген Регистрде же отчеттордо маалыматтар дал келбестигинин фактысы аныкталганда, Координатор ашыкча төлөнгөн сумманы кайра эсептөө же болбосо толук же жарым-жартылай кайтарып берүү жөнүндө тиешелүү чечим кабыл алат.
Ашыкча төлөнгөн сумма Координатор тарабынан тиешелүү чечим чыгарылган учурдан тартып беш жумуш күндүн ичинде Кызматтын алыш-бериш эсебине которуу жолу менен адвокат тарабынан кайтарылып берилүүгө тийиш. Координатордун билдирүүсүнө ылайык сумма белгиленген мөөнөттө кайтарылбаган учурда Кызмат бул сумманы башка иштер боюнча ошол адвокатка төлөнүүгө тийиш болгон акча каражаттарынан кармап калууга укуктуу.
16. Юридикалык жардам көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктен тышкары алуучуга квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү зарыл болгон учурда Координатор адвокатты иш сапарга жиберүүгө укуктуу.
17. Адвокат ушул Жобонун 18-пунктунда каралган учурларда иш сапардын зарылдыгын ырастаган документтерди тиркөө менен өзү берген арыздын негизинде же Координатордун демилгеси боюнча иш сапарга жиберилет.
18. Адвокат бир административдик-аймактык бирдиктин аймагынан экинчисине төмөнкүдөй учурларда иш сапарга жиберилет:
1) бир конкреттүү иш боюнча бардык соттук инстанцияларда квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн дайындалган адвокаттын үзгүлтүксүз катышуусун камсыз кылуу зарыл болгондо;
2) адвокаттардын саны жетишсиз административдик-аймактык бирдикте квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокат жок болгондо же дайындалган же дайындалууга тийиш адвокатты алмаштыруу мүмкүн болбогондо;
3) алуучунун катышуусу менен белгилүү бир административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары кылмыш-жаза куугунтуктоо органдары тарабынан тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.
19. Адвокатты иш сапарга жиберүү Координатордун чечими менен иш сапар күбөлүгүн берүү менен таризделет.
20. Адвокаттын иш сапар менен байланышкан чыгымдары республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик кызматчылар үчүн каралган ченемдер боюнча жүргүзүлөт.
21. Иш сапар аяктагандан кийин адвокат Координаторго тиешелүү белгилер менен иш сапарынын күбөлүгүн, ишке ашырылган чыгымдарды ырастоочу документтерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка документтерди тапшырат.
22. Адвокаттын иш сапары менен байланышкан чыгымдарын төлөө жөнүндө чечим Координатор тарабынан керектүү документтер кабыл алынган учурдан тартып үч жумуш күндүн ичинде кабыл алынат.
Адвокаттын иш сапар менен байланышкан чыгымдары иш сапардык чыгымдарды төлөө жөнүндө Координатор чечим кабыл алган күндөн тартып он жумуш күндүн ичинде Кызмат тарабынан төлөнөт.
23. Квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокаттарга акы төлөө жана адвокаттарга иш сапардык чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө чечимдеринин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан жүзөгө ашырылат.