Редакцияот 31.07.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АЛА-БУГА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТҮҮ  V СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 31-июлу  № 5/6

 

Чолок-Кайын айылындагы Нарын электр тармактары ишканасы (НЭСО) үчүн 2026-жылга ичүүчү таза суунун жана катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) чыгаруунун

тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына ылайык, «Ала-Буга» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ж. Бешбаевдин 2026-жылдын 31-июлундагы сунуш катын карап чыгып, Чолок-Кайын айылындагы Нарын электр тармактары ишканасынын (НЭСО) объектилерине таза суу берүү жана катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу кызматтарын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, ошондой эле тарифтерди иретке келтирүү максатында, Ала-Буга айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    «Ала-Буга» муниципалдык ишкана тарабынан Нарын электр тармактары ишканасынын (НЭСО) Чолок-Кайын айылындагы объектилери үчүн көрсөтүлүүчү кызматтардын 2026-жылга карата тарифтери төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:

·         Ичүүчү таза суу үчүн тариф: 1 m^3 (куб метр) суу үчүн — 15,81 сом, айына акы төлөө — 948,6 сом;

·         Катуу тиричилик калдыктарын (таштанды) чыгаруу үчүн тариф: 1 m^3 (куб метр) үчүн — 700 (жети жүз) сом (айлык акы түрүндө).

2. Нарын электр тармактары ишканасы (НЭСО) бекитилген тарифтерге ылайык  2026-жыл үчүн сууга жана таштанды чыгаруу кызматына төлөмдөрдү өз убагында «Ала-Буга» муниципалдык ишканасынын эсебине которууну камсыз кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы МИ «Ала-Буга» жетекчиси      Ж. Бешбаевге, ал эми көзөмөлдөө жагы Ала-Буга айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү А.Сулаймановго милдеттендирилсин.

 

 

  

 

Төрага:

 

Бактыбай уулу Кубанычбек