Редакцияот 27.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ                                                                              

 

 

 

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 9-июлу,   №226                                                                        

Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин расмий веб-сайтын ачуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, калкты өз убагында маалымдоо, жергиликтүү кеңештин расмий маалыматтарды жарыялап туруу максатында, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын жана жалпы депутаттардын сунушу угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.    Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, калкты өз убагында маалымдоо, жергиликтүү кеңештин расмий маалыматтарды жарыялап туруу максатында, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин  расмий веб-сайты ачылсын.

2.    Расмий веб-сайтта төмөнкү маалыматтар үзгүлтүксүз жайгаштырылсын:

a.    жергиликтүү кеңештин чечимдери, сессиялардын күн тартиби;

b.    жарандар үчүн маанилүү кулактандыруулар жана башка расмий маалыматтар.

3.    Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы жана жергиликтүү кеңештин депутаттары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде веб-сайтка жайгаштыруу үчүн сунушталуучу маалыматтардын өз убагында, расмий, анык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген болушун камсыз кылышсын.

 

4.    Веб-сайтка жарыялоо үчүн токтомдорду, сунуштарды, кулактандырууларды жана башка расмий маалыматтарды белгиленген тартипте жооптуу кызматкерге өз убагында берүү жагы жергиликтүү кеӊештин  депутаттарына милдеттендирилсин.

 

5.    Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору  каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

6.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

7.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү  ѳзүмѳ калтырам.

 

 

Төрага                                                   А.А. Мамбетов