Редакцияот 27.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ

 

 

 

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 9-июлу,   №230                                                                        

 

 

Ак-Терек айыл аймагындагы ичүүчү таза суу системаларын (ИСКАКБ) башкарууну жана тейлөөнү «Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүп берүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамын, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча колдонуудагы ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алып, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун сунушун угуп, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  депутаттарынын сунуштары угулуп, талкууланып  Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.    Ак-Терек айыл аймагындагы ичүүчү таза суу системаларын (ИСКАКБ) башкаруу жана тейлөө укугу «Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин.

 

2.    Ак-Терек айыл өкмөтүнө мыйзамдарга ылайык кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын, келишимдерди жана башка тиешелүү документтерди тариздөө жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.

 

3.    Ак-Терек айыл аймагы боюнча ичүүчү таза суу объекттеринин үзгүлтүксүз иштөөсүн, техникалык тейлөөсүн жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүүнү «Ак-Эмгек-Тазалык» муниципалдык ишканасы камсыз кылсын, муниципалдык ишканасынын жетекчиси У.Мааткеримовго аткаруу иштери жүктѳлсүн.

 

4.    Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору  каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

6.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  муниципалдык менчик, жер, архитектура, курулуш, айыл чарба боюнча  туруктуу комиссиянын төрагасы А.Дастановго тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                        А.А. Мамбетов