Редакцияот 27.08.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН  ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ

 

 

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 9-июлу   №232                                                                         

 

Кара-Коо айылында курулушу пландаштырылып жаткан бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Ак-Терек айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 8-июлундагы №01-7-2263 катынын негизинде, Ак-Терек айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Э.Эмилбековдун сунушун угуп, Кара-Коо айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине болгон муктаждыкты эске алуу, калктын өсүшүнө байланыштуу кошумча орундарды түзүү максатында, Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин  депутаттарынын сунуштары угулуп, талкууланып Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:

1.    Кара-Коо айылында курула турган бала бакчанын долбоордук-сметалык документтерине (ПСД) тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, долбоордук-сметалык документтеринде                   225 орундан 275 орунга чейин көбөйтүлсүн.

 

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы У.Э. Эмилбековго милдеттендирилсин.

 

3.    Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин токтомдору  каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Кѳл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.    Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

 

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдѳѳ жагы Ак-Терек айыл аймагынын жергиликтүү кеӊешинин бюджет, экономика, инвестиция, тышкы байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Т.Т. Ормуковага  тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                 А.А. Мамбетов