РешениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2026-жылдын 19-августундагы № 80 «Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 чечимин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» чечими

Редакцияот 19.08.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА

РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН ЧЕЧИМИ

 

2026-жылдын 19-августу № 80

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча

борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5

чечимин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

Майыптыгы бар шайлоочулардын жана айрым категориялардагы жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана ишке ашыруу боюнча чараларды актуалдаштыруу жана өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 4, 8-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы чечим кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2023-жылдын 22-мартындагы № 5 “2023-жылга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууну ѳркүндѳтүү боюнча иш-аракеттердин планы жѳнүндѳ” чечими күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул чечим Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

2026-жылдын 19-августунда https://shailoo.gov.kg/kg/Resheniya_CIK_KRKR_BShKnyn_chechimderi/19082026-80-o-priznanii-utrativshim-silu-resheniya-centralnoj-komissii-po-vyboram-i-provedeniyu-referendumov-kyrgyzskoj-respubliki-ot-22-marta-2023-goda-5/ расмий сайтында жарыяланды

3.   Ушул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Р. Ш. Жакышовго жүктѳлсүн.

 

 

Төрага

Т.Шайназаров