Редакцияот 16.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

28 чакырылышындагы Жээк айыл аймагынын Жээк айылдык

кеңешинин II сессиясы

 

2024-жылдын 16-апрели № 4/II

 

Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Чуй облусунун Ысык-Ата районунун Жээк айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жээк айыл аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып, жана талкуулап Жээк айылдык кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

 

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

 

 

1. Жээк айыл амагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

 

2. Жээк айылдык кеңешинин төрагасына жана Жээк айыл өкмөтүнүн башчысына Схемалык картага кол коюу тапшырылсын.

 

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/%D0%B1%D0%BE%D0%BB%D0%B3%D0%B0%D1%80%D0%B8%D1%8F/1.pdf расмий сайтында жарыяланды

 

 

Айылдык

кенешинин төрагасы

 

К.Шаршеналиев