ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-апрели №9
Интернационал айылдык кеңештин жана Жээк айылдык кеңешинин
агрардык суроолор, курулуш жана турмуш-тиричилик коммуналдык
(жер) боюнча туруктуу комиссиясынын бирикмеси жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы №370 “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 7-февралындагы №24 Жарлыгы менен бекитилген пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик -аймактык реформанын алкагында жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин негизинде жергиликтүү кеңештердин ишмердүүлүгү Республиканын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» 2011-жылдын 15-июлундагы №101 «Жээк айылдык кеңешинин агрардык суроолор, курулуш жана турмуш-тиричилик коммуналдык (жер) боюнча туруктуу комиссиясын бириктирүү жөнүндө» Жээк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айылдык кенештин жана Жээк айылдык кенешинин бириккен Жээк айылдык кенешинин агрардык суроолор, курулуш жана турмуш-тиричилик коммуналдык (жер) боюнча туруктуу комиссиясы бириктирилсин.
2. Атабиев Алим Хусеевич Жээк айылдык кенешинин агрардык суроолор, курулуш жана турмуш-тиричилик коммуналдык (жер) боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп дайындалсын.
3. Жээк айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Э.К. Усупбековага.
- бул токтомду белгиленген тартипте каттоодон өткөрсүн;
- бул токтомдун көчүрмөсүн юридикалык жак катары каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/uploaded-files/9-ot-16042024.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | К.Шаршеналиев |