Загрузка документа…
ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 5-июну №14
“Иш-Башаты” муниципалдык ишканасынын финансы-экономикалык
жана чарбалык ишмердүүлүгүн бекитүү жөнүндө
«Иш-Башаты» муниципалдык ишканасынын директорун С.Чекировтун маалыматын угуп, талкуулап, финансы-экономикалык жана чарбалык ишин бекитуу жөнүндө Жээк айылдык кеңешинин сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Иш-Башаты» муниципалдык ишкананын штаттык жүгүртмөсү бекитилсин. (штаттык жүгүртмө тиркелет)
2. Ичүүчү сууга 1 адамга 45 сомдон жана жергиликтүү бюджеттен 15 сомдон дотациялануучу тариф бекитилсин.
3. Администрациялык-аймактык реформаны жүргүзүүдө үнөмдөөгө байланыштуу жалпы суммасы 3124,6 миң сом жергиликтүү бюджеттен дотациялар бекитилсин, анын ичинен 1026,9 миң сому ичүүчү сууга, кошумча жалданган жумушчулардын эмгек акысына – 1166,7 миң сом, отунга жана Жээк айыл аймагынын калктуу конуштарынын ичиндеги арык-сугат системасын, көпүрөлөрдү оңдоо иштерине 510,7 миң сомго майлоочу майлар жана суу түтүктөрүн оңдоо иштери 420,3 миң сомго аткарылды..
4. Бир короого 100 сомдон ар бир айына таштандыларды чыгаруу тариф бекитилсин.
5. Абоненттер менен ичүүчү сууну, таштандыны туура эмес пайдалангандыгы үчүн 5,0 миң сом өлчөмүндө айыптарды жана айып пулду эске алуу менен жана белгиленбеген жерлерге таштанды ыргыткандыгы үчүн типтүү келишимди иштеп чыгуу, ошондой эле суу түтүгүнө уруксаат берүүгө - 2,0 миң.сом бекитилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/uploaded-files/14%20%D0%BE%D1%82%205.06.2024.pdf расмий сайтында жарыяланды
Айылдык кенешинин төрагасы |
К.Шаршеналиев |