Загрузка документа…
ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 15-июлу №17
Бош калган каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө
Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Д.Усуповдун маалыматын угуп, талкуулап бош калган акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө Жээк айылдык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Интернационал айылындагы ҮДТнын имаратынын фасадын оңдоого жана терезелерин алмаштырууга жалпы суммасы 810,0 миң сом акча каражаты 3111-статьянын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү боюнча бөлүнсүн.
2. «Ак-Тилек» орто мектебине (басма) көмүр кампасынын курулушуна жалпы суммасы 562,0 миң сом акча каражаты 3111-статьянын Мектеп бөлүмү боюнча бөлүнсүн.
3. «Иш-Башаты» муниципалдык ишканасына дрон сатып алууга жалпы суммасы 120,0 миң сом акча каражаты 3112-статьянын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү боюнча бөлүнсүн бөлүнсүн.
4. Жээк айылындагы ФАПтын жылуулук тармагын оңдоого жалпы суммасы 363,0 миң сом акча каражаты 2221-статьянын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү боюнча бөлүнсүн.
5. 200 даана ичүүчү суу эсептегичтерин сатып алууга жана орнотууга жалпы суммасы 1600,0 миң сом акча каражаты 3111-статьянын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү боюнча бөлүнсүн.
6. Интернационал айылындагы Пушкин көчөсүн асфальттоого жалпы суммасы 1700,0 миң сом акча каражаты 3111-статьянын турак жай-коммуналдык чарба бөлүмү боюнча бөлүнсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/uploaded-files/17%20%D0%BE%D1%82%2015.07.2024.pdf расмий сайтында жарыяланды
Айылдык кеңештин төрагасы |
Шаршеналиев К.К. |