ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 26-июлу №20
«Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун
(COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо»
(АИД-3 КК) долбоорунун алкагын Жээк айыл аймагынын
ишмердүүлугү жөнүндө
2021-ж 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында Жээк айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Жээк АК АКИАнын төрайымы Дуйшеналиева А.И., жана АК АКИАнын төрагасы Жумашев К. маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Жээк айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АИ-3 КК долбоорунун алкагында Жээк айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Жээк АКИА АК төрайымы Дуйшеналиева А.И., жана Интернационал АКИА АК төрагасы Жумашев К. берген маалыматы кабыл алынсын.
2. АӨ башчысы АКИАнын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жээк АӨ башчысына жана АК социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/uploaded-files/20%20%D0%BE%D1%82%2026.07.2024.pdf расмий сайтында жарыяланды
Төрага | К.К.Шаршеналиев |