Загрузка документа…
ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-сентябры №30
Дмитриевка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинин
аталышын өзгөртүү жөнүндө
Дмитриевка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинин аталышын өзгөртүү жөнүндө Дмитриевка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинин педагогикалык жамаатынын кайрылуусун, Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч.Бакашованын жана Жээк айыл аймагынын аксакалдар сотунун төрагасы М.Урусовдун каршы эмес каттарын карап чыгып жана талкуулап, Жээк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дмитриевка айылынын жалпы билим берүү орто мектебинин аты кыргызча “Ишеналы Арабаев атындагы Дмитриевка а.жалпы билим берүү орто мектеби” деп, ал эми орусча “Средняя общеобразовательная школа с.Дмитриевка имени Ишеналы Арабаева” деп өзгөртүлсүн.
2. Жээк айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Усуповго жана Дмитриевка айылынын жалпы билим берүү мектебинин директорунун убактылуу милдетин аткаруучусу Э.Токбергеновго, мектептин аталышын өзгөртүү боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнө жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/uploaded-files/30%20%D0%BE%D1%829.09.2024.pdf расмий сайтында жарыяланды
Айылдык кенешинин төрагасы |
К.К.Шаршеналиев |