Загрузка документа…
ЖЭЭК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЭЭК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 9-сентябры №35
Негизги бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн көбөйтүү
жана атайын эсептин киреше бөлүгүн кыскартуу жөнүндө
Жээк айыл өкмөтүнүн ФЭО башчысынын м.а. Айдарованы Г.Ж. бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүн көбөйтүү боюнча угуп жана талкуулап, Жээк айылдык кеңешинин сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Турак жай имараттарын каттоодо эсепке алынбаган кирешелерге байланыштуу киреше салыгы беренеси боюнча бюджеттин киреше бөлүгү 1600,00 миң сом өлчөмүндө көбөйтүлсүн.
2. Балдардын бала бакчага аз катышуусуна байланыштуу атайын эсептин киреше бөлүгү 500,00 миң сом өлчөмүндө кыскартылсын.
3. Турак жай-коммуналдык чарба бөлүмүндө 3111-берене боюнча бюджеттин чыгаша бөлүгү 1010,00 миң сомго жана 3112-статья боюнча “Китепкана” бөлүмүндө 170,00 миң сомго жана “Балдар бакчасы” 3112-статьясына 420,00 миң.сомго көбөйтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин бюджеттик жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
2026-жылдын 22-июлундагы https://www.zheek.org.kg/storage/app/media/uploaded-files/35%20%D0%BE%D1%82%209.09.2024.pdf расмий сайтында жарыяланды
Айылдык кенешинин төрагасы |
К.К.Шаршеналиев |