Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №37
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 « Пилоттук режимде адмнистративдик –аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу айылдык кеңештердин биригүүсүн эске алып , Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Типтүү Жобону бекитүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Типтүү Жобону бекитүү боюнча Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президентинининин 2022-жылдын 24-февралындагы № 54 “ Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” 2024-жылдын 2-апрель айында түзүлгөн жумушчу топтун 2025 –жылдын 25-январь айындагы отурумунун № 1 чечими эске алынсын.
2.Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши жана М.Абдылдаев айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 « Пилоттук режимде адмнистративдик –аймактык реформа жүргузүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу ,бириккенине байланыштуу эки айыл аймагынын ,айыл аймагындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумдарды эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча Типтүү Жобосу бириктирилип бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3.Бул токтом боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана аткаруу жагы Кетмен-Дөбө аймактык ысырапкерчилик боюнча түзүлгөн жумушчу топко милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин “Билим берүү, саламаттыкты сактоо, улуттук маданий өнүгүү жана жаштар маселелери, массалык спортту жана туризмди өнүктүрүү, этика маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|