Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №40
Токтогул мамлекеттик салык кызматынын сунушу боюнча турак үйлөргө салыктын базалык ставкасын жаңыдан бекитип берүү жөнүндө Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин 2025-жылдын 4-февралындагы №31 токтоуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси Э.Нусуповдун бюджет боюнча туруктуу комиссиянын турак-жайларга салыктын базалык ставкасына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маалыматын жана сунушун угуп,талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 ,,Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна ,Салык Кодексинин” 5-беренесинин 5-пунктуна таянып Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн салык боюнча башкы адиси Э.Нусуповдун бюджет боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы жана сунуштары эске алынсын.
2.Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы турак жайларга салыктын базалык ставкасы 1(бир) чарчы метрине 3(үч) сом белгиленсин деген пункту, Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы турак-жайлардын салыгын эсептөөдө базалык ставка 1(бир) чарчы метрине 4.16 сом деп оңдолсун.
3. Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы тура- жайларга базалык ставкасы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|