Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №41
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамын бекитүү жөнүндө
«Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу участкалык шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо максатында сунушталган курамды карап, бекитип берүү жөнүндөгү Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Эсенбекованын 2025-жылдын 17-мартындагы чыгыш №01-17-25/469 сандуу сунушун угуп жана талкуулап, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги lV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Ж.Эсенбекованын 2025-жылдын 17-мартындагы чыгыш №01-17-25/469 сандуу сунушу эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу №2229. №2230, №2231,2232,2233 жана №2234 шайлоо участкаларында шайлоо комиссияларынын, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтү тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлердин сапаттык курамы бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
3. Бекитилген курамдын тизмесин Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү жагы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Ж.Эсенбековага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды
6..Бул токтом https://ketmen-dobo.kg/веб- сайытына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|