Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №42
Жергиликтүү бюджетке өзгөртүү киргизүү жана 2222 беренеден 2721 беренеге жылдыруу жөнүндө
2025-жылдын 4-январында жаны курулган Даңканай орто мектебинин ашканасына акылдуу эсептегич Токтогул райондук электр тармагы мекемеси тарабынан коюлган. Орнотулган акылдуу эсептегич каттоодо жок болгондуктан Токтогул райондук электр тармагы мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында акты түзүлүп, жагылган электр энергиянын чыгымы 19952 кВка болгон жана жагылган электр энергиясынын акчалай баасы 75020,26 сом болуп көрсөтүлгөн. 2025-жылга Даңканай орто мектебине 150,0 акча каражатты чарбалык чыгымдарына деп жергилтүү бюджеттен каралып, 2222 беренесине коюлган. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүн башчысынын №01-17-25/5215 кайрылуу катын, жетектөөчү адиси А.Жолдошбекованын жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын жана сунушун угуп жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин“ 102-беренесинин 1-пунктуна таянып Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин lX чакырылышынын кезектеги lVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Айыл өкмөт башчысынын №01-17-25/5215 кайрылуу каты,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу эске алынсын.
2. Даңканай орто мектебинин чарбалык чыгымдарына деп бекитилген 2222-беренесине коюлган 150000 сом акча каражатынын 75020,26 сом акча каражаты 2721-беренесине жылдырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Бобушовго тапшырылсын.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5.Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|