Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №43
,, Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагына караштуу жайыттарды, жерлерди Кетмен-Дөбө айыл аймагынын туруктуу жашоочулары да пайдалангандыктан жайыт боюнча ижара акыны жана ижарага берилүүчү жерлерге бааларды талкуулап, макулдашуу жөнүндө.
,,Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчиси А.С.Турсуналиевдин 2025-жылдын, 26-мартындагы №01-9/118 кайрылуу катын, ,,Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчисинин орун басары Акылбек уулу Айбектин, айылдык кеңештин айыл чарба, экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын, сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.,,Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын жетекчиси А.С.Турсуналиевдин №01-9/118 сандуу каты, ,,Алатай” мамлекеттик жаратылыш паркынын орун басары Акылбек уулу Айбектин жана айыл чарба, экология боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы, сунушу эске алынсын.
2. Жайыттын ижара акысы жана ижарага берилүүчү жерлер 2025-жылга ,,Алатай”
мамлекетинин жаратылыш паркынын сунушталган баасына Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин макулдугу берилсин.
Малдын түрү | Баасы | 1 айга | Эскертме. |
Жылкы | 50 сом |
|
|
Бодо | 50 сом |
|
|
Кулун жана торпок | 25сом |
| 1жашка чейин |
Козу | 2.50 тыйын |
|
|
Паркка караштуу жерлердин ижара акысы.
Түрлөрү | Баасы | 1 айга | Аянты | Эскертме | |
Чөп чабынды | 4 сом |
| 0,01 га |
| |
Жашылдандыруу | 20 сом |
| 0,01 га |
| |
Айдоо жерлерге | 30 сом |
| 0,01 га |
| |
Палатка же боз үй тиккенге | 50 сом |
|
|
| |
Бал аарысы бар ар бир кутучага Автоунааларга | 50 сом баасы |
Арбир каттамына |
|
Эскертме | |
Жүк ташуучу унаа | 100 сом |
|
|
| |
Автобус | 100 сом |
|
|
| |
Жеңил унаа | 50 сом |
|
|
| |
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл чарба, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|