Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №44
Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү тартиби жөнүндө.
Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин пайдаланышы боюнча Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси У.Масирбаевдин жана айыл чарба комитетинин туруктуу комиссиясынын маалыматын жана сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,,Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-34 беренелеринин 8-4 пунктарына, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобого таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн айыл чарба боюнча башы адиси У. Масирбаевдин жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматы жана сунушу жактырылсын. (тиркеме тиркелет).
2. Барчын, Бекмат,Мааданбек,Топчубай,Ак-Талаа, Көпүрө башы, Жаргылчакты, Имерилиш участкасындагы мөөнөтү бүткөн жерлер, ,,Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун 3-беренесинин негизинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясына милдеттендирилсин.
3. Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Кара-Күңгөй, Ак-Тектир айылдарындагы 2025-жылдын 19-мартында өткөн элдик жыйындагы жергиликтүү тургундардын өтүнүчү, суранычына ылайык, Теңечим,Чаар-Кайың, Атана, Шанек участкалары айылдан алыс жана жолу татаал, июнь айына чейин мал жайылып, чөп чабынды жерлеринен жылына 1-2 жолу гана тоют жыйноо мүмкүнчүлүгүн эске алып, ,,Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобонун 2-беренесинин 14-пунктунун негизинде түз берүү жолу менен келишим түзүү жана ижара акысы, Кыргыз Республикасынын №123 ,,Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде гектарына 2000 сомдон ижара акысы белгиленсин жана айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясына сунушталсын.
4. Имерилиш участкасынан ,, Бай түшүм асыл тукум, үрөөнчүлүк кооперативине” берилген 4,50 га жердин келишими Ак-Талаа участкасына түзүлгөн келишимге кошо түзүлүп калгандыктан, Бай түшүм асыл тукум, үрөөнчүлүк кооперативинин” келишимин жараксыз деп табуу жагы айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясына сунушталсын.
5. Айыл чарба жерлеринин Барчын ж.б участкаларындагы аң болуп, суу жеп, айдоого жараксыз болгон жерлерин калыбына келтирүү, чыгымдарын эсептөө, ж.б жумуштарын аныктоо, сунуштарды берүү айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн жер комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Терек-Суу айылынын четиндеги бош жаткан 12 гектар жерди көп жылдык бак-дарактарды отургузуу, агротехникалык иштерди жүргүзүү жана тамчылатып сугаруу жана өздөштүрүү үчүн ,,Айыл чарба жерелеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү жана тартиби тууралуу” Типтүү Жобосунун негизинде конкурс жарыялоо айыл өкмөтүнүн алдындагы түзүлгөн жер комиссиясына сунушталсын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы айыл чарба,жайыт, экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|