Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №51
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы жер тилкелерин, жайыт жерлерин, «Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жер участокторун которуу» жөнүндө.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси М.Токтоболот уулунун жана айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиянын баяндамаларын жана сунуштарын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-29-беренелеринин 11-9 пунктарына, Кыргыз Республикасынын №145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынын 16-беренесинин 1-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IX-чакырылышынын кезектеги
IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси М. Токтоболот уулунун жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматты жана сунуштары эске алынсын.
2. Кетмен-Дөбө айыл аймагында жайгашкан Балыкты айылынан контур №1714,
1718,1820,1721,1786,1723,1725,1726,1708,1739,1754,1758,1766,1767,1771 контурлардагы жалпы аянты 8,11 га жер тилкелери, ,, Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга(трансформациялоо) макулдук берилсин.
3. Барчындын үстү участкасынан №1442,1443,1444,1445,1272 контурларынан
жалпы аянты 4,0 га жайыт жеринин багыты, ,, Өнөр жайынын,транспорттун,байланышты энергетиканын,коргонуунун,жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына (таштанды
таштоочу жайга) которууга макулдук берилсин.
4. Терек-Суу айылынан Сити кафесинин артынан №2448 контурундагы жалпы
аянты 0,15 га жайыт жеринин багыты ,, Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга макулдук берилсин.
5. Кара-Күңгөй айылында жайгашкан, муниципиалдык менчикте турган,
3-07-08-1004-0328 коду менен системалык каттодон өткөн, Серия Б № 062514
мамлекеттик актынын багыты-маданият үйү багытына которууга макулдук берилсин.
6. Жер тилкелери, жайыт жерлеринин багытын өзгөртүү боюнча кабыл алынган
токтом, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга сунушталсын.
7.Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга, кабыл алынган токтомдун, 2-3 пунктарына, Кыргыз Республикасынын №145 «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3-5 пунктарына ылайык иш алып баруу сунушталсын
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
10.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|