Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №52
Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы, Терек-Суу айылынын жаштарынын «Көк-Бөрү» баштаган улуттук ат оюндарына жайыт жерден жер бөлүп берүү жөнүндө 2024-жылдын 18-декабрындагы №12 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
«Кетмен-Дөбө таза аймак» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Алманбетовдун жана айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 19-20 пункттарына, Кыргыз Республикасынын №145 ,, Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 16- беренесинин 1-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №735,, Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобонун” 3-беренесинин 10-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кетмен-Дөбө таза аймак» муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Р.Алманбетовдун жана айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматты жана сунушу эске алынсын.
2. М2 аймагынын контур №743,№780 жалпы аянты 2 га жайыт жеринин багыты ,,Өнөр жайынын, транспорттун,байланыштын,энергетиканын,коргоонунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” багытына которууга макулдук берилсин.
3. Жайыт жеринин багытын өзгөртүү боюнча кабыл алынган токтом, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга сунушталсын.
4. Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга, кабыл алынган токтомго, Кыргыз Республикасынын №145 ,,Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин
3- беренесине ылайык иш алып баруу сунушталсын.
5. Багыты которулган жайыт жери ,, Көк Бөрү” баштаган улуттук ат оюндары үчүн жалпы пайдалануудагы жер деп таанылсын.
6. Бул токтомду аткарууга алуу жагы ,, Кетмен-Дөбө таза аймак муниципалдык ишкананын жетекчиси Р. Ж. Алманбетовго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
8. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
9.Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg веб-сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|