Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги
IV сессиясы
2025-жылдын 26-мартындагы №53
“Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын жайыттар боюнча 2025-жылга жайыт акыларды көчүп конуу жана 2025-жылга карата бир жылдык иш планын бекитүү жөнүндө.
Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу айылдарда 17-18-19 март күндөрү өткөн элдик жыйындарда түзүлгөн протоколдун негизинде жергиликтүү тургундардын ой-пикирин,сунушун эске алып, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчы Ж.Эсенбекованын, “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Алманбетовдун жана айылдык кеңештин бюджет жана айыл чарба, жайыт,ветеринария боюнча туруктуу комиссиялардын 2025-жылга карата жайыттар боюнча малдын акыларын жана жайыт акылардын баалары, чабандардын көчүп конуусу жөнүндө маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын №123 ,, Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 1-5пунктарына, Кыргыз Республикаснын №152 ,,Административдик-аймактык реформанын алкагында, Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 10-беренесинин 3-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, №735 токтомунун ,,Пилоттук режимде айыл аймактарынын деңгээлинде административдик-аймактык реформа менен камтылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө убактылуу жобонун” 1-беренесинин 4-пунктуна таянып, Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын айыл аймак боюнча алыскы жана жакынкы жайыттар боюнча 2025-жылга карата бир жылдык иш планын 1,2,3 тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)
2.Муниципалдык ишкананын бюджетин көтөрүү жана материалдык базасын чындоо максатында жайыт акыны, тактап айтканда жайыт пайдалануучу жайытка алып чыгат турган ар бир малга төлөм каражаты төмөнкү баалар менен бекитилсин.
№ | Малдын түрүү | Баасы |
1 | Кара малга | 100 сом |
2 | Жандык малга | 40 сом |
3 | Сырттан келген кара малга | 1000 сом |
4 | Сырттан келген жандык малга | 200 сом |
1. 3. Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу жайыттарга сырттан ээн баштык менен киргизген ар бир мал үчүн мал ээлерине же болбосо жайыт пайдалануучуга 5000(беш миң) сомдон атайын комиссиянын актысынын негизинде айып пул салуу жана муниципалдык ишканадан келишим албай өзүм билемдик менен малдарын жайытка айдаган мал ээлери жана жайыт пайдалануучулар менен мыйзам чегинде иш алып баруу үчүн аймактык милиция кызматкерлери менен иш алып баруу жагы белгиленсин.
2.
3. 4. Жайыт акынын төлөмүн муниципалдык ишкана жайыт пайдалануучулардан келишимдин негизинде жана келишимсиз жыйноо жагы бекитилсин.
4.
5. Жайыт ресурстарын мал жаюуу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу боюнча (мисалы: бал-челек, чөп-чабынды, тоют-камдоо,туризимди өнүктүрүү, балык чарбасын уюштуруу, тыюу салынбаган даары чөптөрдү чогултуу ж.б.у.с) жайыт жерлери төмөнкү баалар менен бекитилсин.
№ | Пайдалануунун аталышы | Өлчөө бирдиги | Баасы |
1 | Чөп чабынды,тоют камдоо максатында суулу жер үчүн | 1,0га | 3000 сом |
2 | Чөп-чабынды, тоют-камдоо максатында суулу эмес кайрак жер үчүн | 1,0га | 2000 сом |
3 | Мамлекет тарабынан тыюуу салынбаган дарылык техникалык сырьену жыйноо жана себүү максатында. | 1,0га | 10000 сом |
4 | Маданий ден-соолукту чыңдоочу туристтик жана спорттук иш чараларга | 1,0га | 5000 сом |
5 | Жайыт жерлерге бал-челектерди жайгаштыруу максатында. | 1 шт | 60 сом
|
6 | Кунарсыз жайыттарга багытын өзгөртүп көп жылдык мөмөлүү бак дарактардын плантацияларын түзүү максатында. | 1,га | 2000 сом |
7 | Балык чарбаларды уюштуруу максатында. | 1,га | 5000 сом |
5. 6. Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы жайыт жерлериндеги мамлекет тарабынан мораторий киргизилген даары чөптөргө айыл башчылар жана укук коргоо органдары менен биргеликте көзөмөл жүргүзүү жагы белгиленсин.
6.
7. 7. Элдик жыйындарда талкуу болуп, жергиликтүү тургундардын макулдугу менен айылдык кеңеште бекитилген графиктин шартын бузуп, жергиликтүү элдин айдоо жерлерине малдарын түшүрсө ар бир мал үчүн мал ээлерине Кыргыз Республикасынын №128 ,,Укук бузуулар жөнүндө” кодексине ылайык атайын түзүлгөн комиссиянын актысынын негизинде, белгиленген айып пул салуу жагы белгиленсин.
8.
9. 8.“Кетмен-Дөбө таза-аймак” муниципалдык ишканасынын башкаруусунда турган МТЗ 82,2 үч даана техникасынын ижара акысы 60000 (алтымыш миң) сомдон, пресс 60000 (алтымыш миң) сомдон берүү жагы бекитилсин.
10.
11. 9. Кетмен-Дөбө айыл аймагына караштуу ар бир айылдан жаз күз мезгилине атайын дыйкандардын айдоо желери үчүн кароолчуларды дайындоо жана дайындалган кароолчуларды камалган малга зыян болгон учурда жоопкерчиликтен бошотуу жана эмгек акысын түшкөн айып пулдан берүү жагы белгиленсин.
12.
10.Кетмен-Дөбө айыл аймагына карашту чабандардын алыскы жайттарга көчүп кетүү жана көчүп келүүсү жана бадачы менен мал ээсинин ортосундагы баалары боюнча элдик жыйындардын протоколдорунун негизинде төмөнкү график менен бекитилсин.
11.
Терек-Суу айылы боюнча:
№ | Малдын түрү | Баасы |
1 | Субай уйду багуу | 550 сом |
2 | Музоолу уйду багуу | 750 сом |
3 | Жандык малды багуу | 100 сом |
Алыскы жайытка көчүп кетүү 10-апрель 2025-жыл Алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрь 2025-жыл |
№ | Малдын түрү | Баасы |
1 | Субай уйду багуу | 550 сом |
2 | Музоолу уйду багуу | 750 сом |
3 | Жандык малды багуу | 100 сом |
Алыскы жайытка көчүп кетүү 10-апрель 2025-жыл Алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрь 2025-жыл |
№ | Малдын түрү | Баасы |
1 | Субай уйду багуу | 550 сом |
2 | Музоолу уйду багуу | 750 сом |
3 | Жандык малды багуу | 100 сом |
Алыскы жайытка көчүп кетүү 1-апрель 2025-жыл Алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрь 2025-жыл |
№ | Малдын түрү | Баасы |
1 | Субай уйду багуу | 550 сом |
2 | Музоолу уйду багуу | 750 сом |
3 | Жандык малды багуу | 100 сом |
Алыскы жайытка көчүп кетүү 1-апрель 2025-жыл Алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрь 2025-жыл |
· Кара-Күңгөй айылы боюнча:
№ | Малдын түрү | Баасы |
1 | Субай уйду багуу | 550 сом |
2 | Музоолу уйду багуу | 750 сом |
3 | Жандык малды багуу | 100 сом |
Алыскы жайытка көчүп кетүү 10-апрель 2025-жыл Алыскы жайыттан көчүп келүү 1-октябрь 2025-жыл |
12. Бул токтомдун аткарууга алуу жагы, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Т.Багымбаевге, “Кетмен-Дөбө таза аймак” муниципалдык ишканасынын директору Алманбетов Рустам Жолчубаевичке, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
13.
13. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы, айылдык кеңештин бюджет жана айыл чарба, жайыт,ветеринария боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
14.
15. 14.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
16.
17. 15. Бул токтом www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрага |
А.С.Алишеров
|