Редакцияот 02.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

 I чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын март айынын 05и №26                                            

 

                                   Жер аянтын ижарага берүү жөнүндө

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын корутунудусунугуп жана талкуулап чыгып, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Садыр Аке айыл аймагына караштуу Кожояр ата айылындагы мурдагы

колхоздун май куючу заправканын 2-03-10-1001-0764 контурнан 4843 м2 жер аянтын Бургиев Эмиль Осмонкуловичке ижарага берилсин.

  1. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3.    Жергиликтүү кеңештин аппараты (жооптуу катчысы) бул токтомду

каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылар

Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Бул Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн башчысы

А.Н. Молдакматовго милдеттендирилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү Садыр Аке айыл

аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                           Б.С. Чичканбаев