Редакцияот 02.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

I чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын апрель айынын 09у №30                                         

 

Семеновка айылдык кеңешинин 2014-жылдын 11-мартындагы 

№14-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

 Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Молдакматовдун кайрылуусунун, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин «Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 18-майында №6 протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Семеновка айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2014-жылдын                       

11-мартындагы  №14-токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.

 

  1. ДЭП-7ге Семеновка айыл өкмөтүнүн №744743 контурунан асфальт

заводун иштетүүгө таштак жерден S=0,02га жер тилкесине таш чайнар (дробилка) орнотулсун жана 4,80га жер тилкеси материал казып алууга берилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт

башчысы Н. Молдакматовго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага                                      Б.C. Чичканбаев