САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I чакырылышынын кезексиз XXIV сессиясы
ТОКТОМ
2026-жылдын апрель айынын 17и № 47
Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик кодексинин» 115-беренесинин жана жергиликтүү кеңештин «Бюджет, финансы, экономика, инвеститцияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы эканомикалык байланыштар боюнча» туруктуу комиссиянын 2026-жылдын 13-апрелиндеги №4-протоколунун негизинде Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине өзгөртүү киргизүү маселесин карап, талкуулап чыгып Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- П.Ф.Колесников орто билим берүү мектебинин 2025-жылы брусчатка төшөлгөн. Брусчатка төшөө боюнча кошумча жумуш чыкканына байланыштуу сметанын негизинде ТЖК бөлүмүнөн 22154900 «Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө менен байланышкан башка чыгымдар» беренесинен П.Ф. Колесников атындагы орто билим берүү мектебинин бөлүмүнө 31113290 «Башка курулмаларды сатып алуу жана куруу» беренесине 50,4 миң сом акча каражаты которулуп берилсин.
- Кожояр айылындагы Жыргалай бала бакчасынын 2024-2025 жылдары салынган таш көмүр сактоочу жайынын сметада каралган акча каражаты толугу менен которулуп берилбегендигине байланыштуу, (себеби акча каражат ал жылдары (2025-ж) тартыш болгон), төлөнбөй калган 89 803, 70 тый акча каражатын ТЖК бөлүмүнөн 22154900 «Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө менен байланышкан башка чыгымдар» беренесинен Жыргалай бала бакчанын бөлумүнө 31113290 «Башка курулмаларды сатып алуу жана куруу» беренесине которулуп берилсин.
- Кожояр айылындагы Кожояр көчөсүн брусчатка төшө кошумча иштерине сметанын негизинде 223 871 сом акча каражатын ТЖК бөлүмүнөн 22154900 «Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө менен байланышкан башка чыгымдар» беренесинен ТЖК бөлүмүнө 31113290 «Башка курулмаларды сатып алуу жана куруу» беренесине которулуп берилсин.
- Жыргалай бала бакчанын директорунун кайрылуусунун негизинде бала бакчанын унитаздары эскирип калган себептен жана аларды алмаштыруу боюнча 80 000 сом акча каражатын ТЖК бөлүмүнөн 22154900 «Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө менен байланышкан башка чыгымдар» беренесинен Жыргалай бала бакчасынын бөлүмүнө 2222 беренесине которулуп берилсин.
- Кашат айылындагы Жеткинчек бала бакчасынын трансформатор жараксыз болгон себептен жана аны алмаштыруу боюнча 42 620 сом акча каражаттын ТЖК бөлүмүнөн 22154900 «Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө менен байланышкан башка чыгымдар» беренесинен бала бакчанын бөлүмүнө 2222 беренесине которуп берилсин.
- Кашат айылындагы К.Кудайбердиева атындагы мектептин канализацияларын алмаштыруу үчүн 72255 сом акча каражаттын ТЖК бөлүмүнөн 22154900 «Башка кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө менен байланышкан башка чыгымдар» беренесинен мектеп бөлүмүнө 2222 беренесине которуп берилсин.
- Семеновка айылынын «Аймончок» бала бакчасынын жылытуу системасын, суу түтүктөрүн жана канализациясын каптиталдык оңдоо иштерине сметадан тышкары жумуштарга «Мамлекеттик сатып алуу лар жөнүндө» КР мыйзамынын негизинде 31112390 «Башка имараттарды капиталдык оңдоо» беренесине 260 763 (эки жүз алтымыш миң жети жүз алтымыш үч)сом акча каражаты жыл ичинде түшкөн акча каражатардан которулуп берилсин.
- Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
- Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Н.Молдакматовго жана ФЭБнүн башчысы Н.Сыдыковага милдеттендирилсин.
- Токтомду көзөмөлгө алуу жагы Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин “Бюджет, финансы, экономика, инвестицияларды тартуу менен чакан бизнести өнүктүрүү, ишкердик, тышкы экономикалык байланыштар боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тɵрага Б.С. Чичканбаев