Редакцияот 02.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

I чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын июнь айынын 04ү №52                                                         

 

Жер тилкесин берүү жөнүндө

 

Ысык-Көл регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын          2024-жылдын 27-декабрындагы №351-24сандуу Семеновка айылындагы Ленин №83-чү көчөсүндө жайгашкан, аянты 1280 метр чарчы болгон жер тилкесин турак үй куруу берүү мүмкүнчүлүгү жер комиссиясынын кароосуна көрсөтүлгөн көрсөтмөнүн жана Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 4-июнундагы №10-протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Садыр Аке айыл аймагына караштуу Семеновка айылынын жашоочусу

Бекенова Венера Сыртбаевнага Семеновка айылынын Ленин көчөсүндөгү аянты 1280 метр чарчы болгон жер тилкеси турак үй курууга бөлүнүп берилсин.

  1. Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы

Н. Молдакматовго  милдеттендирилсин.

  1. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик

укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш

жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                            Б.С. Чичканбаев