Редакцияот 02.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

I чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын июнь айынын 25и  №60                                    

Трансформатордук көмөк чордонду (КТП) куруу жана орнотуу үчүн жер участогун бөлүү (трансформациялоо) жөнүндө

 

Кыргыз Республикапсынын энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу, калкты жана социалдык объекттерди үзгүлтүксүз электр энергиясы менен жабдуу, ошондой эле КРдин Жер кодексинин 13,- 20-беренелерине жана КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-ноябрындагы №665 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 17-июнунда №11 отурумунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. Садыр Аке айыл аймагына караштуу Григорьевка айылынын Токтогул

көчөсүнүн тургундарын электр энергия кубаттуулугун күчөтүү үчүн Токтогул көчөсүндөгү муниципалдык жерден 12 мерт2 жер тилкесин трансформатордук көмөк чордонду (КТП) жана электр берүүчү чубалгыларды (ВЛ)  орнотуу үчүн жер тилкесин бөлүүгө макулдук берилсин.

  1. Бөлүнгөн жер тилкесинин категориясын энергетика, транспорт жана

байланыш жерлеринин категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү документтердин көктөмөсү (земдело) даярдалсын жана Райондук

мамлекеттик админисрациясынын кароосуна жиберилсин.

  1. “Мамлекеттик картография жана кыймылсыз мүлктүн укуктарын каттоо

борбору” мамлекеттик мекемесинин тиешелүү филиалына (Кадастр) ушул токтомдун негизинде бөлүнүп берилген жер тилкесинин чек араларын жеринде аныктоо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү сунушталсын.

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Садыр Аке айлыл өкмөтүнүн

башчысы Н.А. Молдакматовго милдеттендирилсин.

  1. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

       

 

Төрага                      Б.С. Чичканбаев