Редакцияот 02.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

I чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы

                                                         

                                                       ТОКТОМ

 

2026-жылдын июнь айынын 25и  №62                                     

 

Темир айылындагы кампа жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына жана Муниципалдык мүлктү башкаруу жобосуна ылайык, “Келечек” муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштуруу максатында токтом кылат:

  1. Темир айылындагы кампа Садыр Аке айыл өкмөтүнүн алдындагы

“Келечек” муниципалдык ишканасына убактылуу мөөнөткө бекитилип берилүү жагы каралсын.

  1. “Келечек” муниципалдык ишканасынын жетекчилигине өткөрүлүп

берилген Темир айылындагы кампаны максаттуу пайдалануу, сактоо жана өз убагында коммуналдык төлөмдөрүн төлөө милдеттендирилсин.

  1. Бул токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын

айыл өкмөт башчысы Н.А. Молдакматовго жүктөлсүн.

  1. Жергиликтүү кеңештин аппараты (жооптуу катчысы) бул токтомду

каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларынын

Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жергиликтүү кеңешинин

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                        Б.С. Чичканбаев