Редакцияот 02.09.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

САДЫР АКЕ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕӉЕШИ

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин

I чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

 

ТОКТОМ

 

2026-жылдын июль айынын 15и             №67                               

 

Мурунку токтомго өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө

 

Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 10-июлунун №12-протоколунун негизинде, Садыр Аке айыл аймагынын жергиликтүү кеңеши токтом кылат:

  1. 2026-жылдын 04-июнунун №57 - токтому Садыр Аке айыл аймагынын

Семеновка айылынын түндүк тарабында S=1,5 га жер тилкесин сүт завод жана мал союлуучу жай Насибулин Рафхат Рафаиловичке убактылуу пайдаланууга ижарага берүүгө макулдук берилсин S=1,5 га жер тилкеси 2,5 га болуп өзгөртүлсүн.

  1. Токтомдун аткарылышы Садыр Аке айыл аймагынын айыл өкмөт

башчысы Н.А. Молдакматовго  милдеттендирилсин.

  1. Токтомду көзөмөлгө алуу “Жер, агрардык реформа, өнөр жай курулуш

жана архитектура, транспорт, жаратылыш ресурстарын пайдалануу жана кайра иштетүү, экология, өзгөчө кырдаал, мелиорация, таза суу, жайыт маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

Төрага                Б.С. Чичканбаев