Загрузка документа…
КЕТМЕН-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кетмен – Дөбө айылдыккенешинин IX чакырылышынын кезектеги
III сессиясы
2025-жылдын 4-февралындагы №24
Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин 2024-жылдын 18-декабрынада чыккан Токтогул райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу “Чолпон-Ата айылына эс алуучу жашыл парк куруу” долбоордук сунуштарын колдоо жөнүндө №19 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токтогул райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу долбоордук сунуштарды даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелөөчү жумушчу топтун жана Кетмен-Дөбө айыл өкмөт башчысынын долбоордук сунуштар боюнча маалыматтарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20–октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесинин 1-пунктуна таянып Кетмен-Дөбө айылдык кеңешинин кезектеги IX чакырылышынын III сессиясы
токтом кылат:
1. Кетмен-Дөбө айылдык кенешинин 2024-жылдын 18-декабрынада чыккан Токтогул райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу“Чолпон-Ата айылына эс алуучу жашыл парк куруу” долбоордук сунуштарын колдоо жөнүндө №19 токтому жокко чыгарылсын.
2. “ Чолпон-Ата айылына эс алуучу жашыл парк куруу” боюнча долбоор жактырылсын.
3.Долбоорлорду ишке ашырууда өздүк салымдын өлчөмү 498 ( төрт жүз токсон сегиз мин ) сом болуп бекитилсин жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтом https://www.ketmen-dobo.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага |
А.С.Алишеров
|