Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-августу № 595
Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө» Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2023–2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 12-пунктун ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын 2040-жылга чейин илимди өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу 2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында илимди, жогорку билим берүүнү, интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасынын алкагында жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 4-сентябрындагы № 66 (3826) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |