Загрузка документа…
КЕҢ-КОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 28-июлу № 31
Кең-Кол айылдык кеңешинин 2019-жылдын 2-ноябрындагы №21 токтому күчүн жоготту деп таануу (жокко чыгаруу) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №123 Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 23.10.2017-жылындагы “Кыргыз Республикасынын 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндө” №690 токтомунун 10-пунктуна, 2017-жылдын 1-сентябрынан 2020-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилде калктуу пункттардын жана көчөлөрдүн аталыштарын алмаштырууну токтотулгандыгына байланыштуу, Кең-Кол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ой айылдык кеңешинин 2019-жылдын 2-ноябрындагы Кең-Кол көчөсүнүн атын, Сатылган Датканын ысымына ыйгаруу жөнүндөгү № 21 токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 токтомунун талаптарына карама-каршы келгендиктен кабыл алынган күнүнөн тартып күчүн жоготту деп таанылсын (жокко чыгарылсын).
2. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Талас облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү мамлекеттик органдарга билдирүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сакеевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| М. К. Аширалиев |