Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 7-июлу № 461
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-июнундагы № 137 "2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегия жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген "И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту" жогорку авиациялык окуу жайынын уставында:
- 30-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, кол алдындагы кызматкерлер тарабынан мыйзамдардын талаптарынын жана кызматтык тартиптин сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу кол алдындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн, ошондой эле аракетсиздиктин же зарыл чараларды көрбөөнүн натыйжасында мүмкүн болгон башка коррупциялык көрүнүштөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |