Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-августу № 555
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 «Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жарандардын өлүмү фактыларын каттоодо ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүү механизмин өркүндөтүү, пенсиялык жана башка социалдык төлөмдөрдү өз убагында токтотууну камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 «Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускамада:
- төмөнкүдөй мазмундагы 381-пункт менен толукталсын:
«381. Көмүү үчүн жер тилкесин алуу үчүн кайрылууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы/маркумду узатуу иши маселелери боюнча адистештирилген кызмат гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлгөн адамдын өлүмүн констатациялоо жөнүндө медициналык маалымкат жок болгон учурда, кайрылуу учурунан тартып жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга бул тууралуу кабарлайт.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 18-августундагы № 62 (3822) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |