Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 27-августу № 581
Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жерлеринде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары болуп саналган саламаттык сактоо уюмдарында иштеген врачтарга кошумча дем берүү боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 151 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 170 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгын аткаруу үчүн, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жерлеринде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары болуп саналган саламаттык сактоо уюмдарында иштеген врачтарга кошумча дем берүү боюнча программа (мындан ары – Программа) тиркемеге ылайык;
2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары болуп саналган саламаттык сактоо уюмдарында иштеген врачтарга жана жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө дем берүүчү квартал сайын төлөмдүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна чегерүүлөрдү эске алуу менен 66 000 (алтымыш алты миң) сом суммасында;
3) Программа боюнча ишти жүзөгө ашырган жана врачтын депозитинин дем берүүчү төлөмдөрүн алган врачтардын жалпы саны 1000 адам.
2. Врачтын депозитинин квартал сайын суммасын төлөө Программа боюнча конкурстук тандоодон өткөн врач иштеген Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жерлеринде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында жана мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары болуп саналган саламаттык сактоо уюмдарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги үчүн учурдагы финансылык жылга каралган «Эмгек акы» жана «Социалдык фондго төгүмдөр» беренелери боюнча ассигнованиелердин чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жыл сайын республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Программаны ишке ашырууга зарыл болгон финансылык каражаттарды карасын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
1) бир айлык мөөнөттө ушул токтомго ылайык адистерди жана мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүн тандоонун жана Программага катышуусунун эрежелерин жана тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн финансы каражаттарынын максаттуу пайдаланылышын белгиленген тартипте камсыз кылсын.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 570 «Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарында иштеген дарыгерлерге кошумча түрткү берүү чаралары жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-августундагы № 454 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саламаттык сактоо маселелери боюнча айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 28-августундагы № 65 (3825) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |