Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 313 тескемеси менен бекитилди) |
Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу
Шахматты өнүктүрүү фондунун
уставы
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Фонддун ишинин предмети жана милдеттери
3-глава. Фонддун укуктук абалы
4-глава. Фонддун мүлкү жана каражаттары
5-глава. Фонддун башкаруу органдары
6-глава. Фонддун директору
7-глава. Ревизор (ревизиялык комиссия)
8-глава. Фонддун кызмат адамдары
9-глава. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу
10-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду (мындан ары – Фонд) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана ушул Уставга ылайык түзүлгөн жана өз ишин жүзөгө ашырат.
2. Фонд ыктыярдуу мүлктүк төгүмдөрдүн негизинде уюштурулган коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Уюштуруучусу тарабынан Фондго берилген мүлк Фонддун менчиги болуп саналат. Фонд мүлктү өзүнүн Уставында аныкталган максаттар үчүн пайдаланат. Фонд уставдык максаттарга жана милдеттерге жетүү үчүн зарыл болгон жана ушул максаттарга ылайык келген өндүрүштүк жана башка чарбалык иштер менен алектенүүгө укуктуу.
3. Фонд мүчөлүккө негизделбейт жана киреше алууну максат кылбайт.
4. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 122.
5. Фонддун фирмалык толук аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду»;
– расмий тилде: «Фонд развития шахмат при Кыргызском Шахматном Союзе».
Фонддун кыскартылган фирмалык аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Шахматты өнүктүрүү фонду»;
– расмий тилде: «Фонд развития шахмат».
6. Фонддун ишинин мөөнөтү чектелбейт.
7. Фонддун иши Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагына жана анын чегинен тышкары жайылтылат.
8. Фонддун уюштуруучусу болуп «Кыргыз Шахмат Союзу» юридикалык жактардын бирикмеси эсептелет, каттоо номери 203933-3301-ОЮЛ, СИН 00703202210060, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Б. Юнусалиев көчөсү, 118.
9. Фонддон каржылоо алуучу адамдардын чөйрөсү:
1) Кыргыз Шахмат Союзуна караштуу Улуттук шахмат академиясынын (мындан ары – Улуттук шахмат академиясы) жана Кыргыз Шахмат Союзунун ички документтерине ылайык спортчулар, машыктыруучулар жана башка адамдар;
2) Улуттук шахмат академиясы.
2-глава. Фонддун ишинин предмети жана милдеттери
10. Фонддун ишинин предмети жана негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) шахматты өнүктүрүү жана популяризациялоо;
2) шахмат билимин колдоо, жаштардын интеллектуалдык потенциалын жогорулатуу;
3) шахматчыларды даярдоо системасын өркүндөтүү;
4) таланттуу спортчуларды аныктоо жана тандоо;
5) Кыргыз Республикасынын эл аралык спорттук кадыр-баркын бекемдөө.
11. Өз максаттарына жетүү үчүн Фонд төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашырат:
1) балдар, жаштар жана чоңдор арасында шахматты өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
2) шахматтык турнирлерди, фестивалдарды, чемпионаттарды жана башка мелдештерди, окуу-машыгуу жыйындарын, конференцияларды, семинарларды жана башка иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
3) шахмат клубдарын, мектептерди жана секцияларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү;
4) шахматты өнүктүрүүгө багытталган билим берүү, илимий, маданий жана социалдык программаларды ишке ашыруу;
5) шахмат боюнча машыктыруучуларды, инструкторлорду жана судьяларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу;
6) Улуттук шахмат академиясынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу, анын ичинде кызматкерлерди, тартылган адистерди күтүүгө, эмгек акы төлөөгө, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга кеткен чыгымдар, ошондой эле Улуттук шахмат академиясынын максаттарына жетүүгө багытталган башка чыгымдар;
7) Улуттук шахмат академиясынын ишинин спортчуларды даярдоо жана спорттук натыйжаларга жетүү бөлүгүндө натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, талдоо жана баалоо үчүн тартылган адистерди финансылык жактан камсыз кылуу;
8) билим берүү жана мектептен тышкаркы окутуу системасына шахматты киргизүүгө көмөктөшүү;
9) шахматты өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, эл аралык уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык басма, маалыматтык жана агартуу иштерин жүзөгө ашыруу;
11) балдар жана чоңдор арасында Кыргызстандын расмий чемпионаттарынын, Эл аралык шахмат федерациясынын (ФИДЕ) жана Азия шахмат федерациясынын (АШФ) колдоосу астында өткөрүлгөн дүйнө жана Азия чемпионаттарынын жеңүүчүлөрүнө, ошондой эле алардын машыктыруучуларына финансылык колдоо көрсөтүү;
12) Фонддун уставдык максаттарына жетүүгө багытталган иштин башка түрлөрү.
Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган иштин башка түрлөрүн жүзөгө ашырууга укуктуу.
12. Фонд өзүнүн уставдык милдеттерин аткаруу максатында төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган финансылык каражаттарды, гранттарды, кайрымдуулуктарды, демөөрчүлүк жана башка жардамдарды тартууга;
2) шахматты өнүктүрүүгө, спортчуларды, машыктыруучуларды жана судьяларды даярдоого багытталган иш-чараларды каржылоону жүзөгө ашырууга;
3) фонддун жана Кыргыз Шахмат Союзунун ички документтеринде белгиленген тартипте спортчуларды жана алардын машыктыруучуларын сыйлоо үчүн акча каражаттарын бөлүп берүүгө;
4) шахматты өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттик, эл аралык жана билим берүү программаларын ишке ашырууга катышууга;
5) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, билим берүү мекемелери, коомдук бирикмелер, эл аралык уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен кызматташууга;
6) соттордо жана башка мамлекеттик органдарда өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын көрсөтүүгө жана коргоого;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген чектерде банктык эсептерди ачууга, мүлктү сатып алууга жана аларды тескөөгө;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди, макулдашууларды, меморандумдарды жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө;
9) Кыргыз Шахмат Союзунун президенти менен макулдашуу боюнча кызматкерлердин штатына ээ болууга, эмгек акы төлөөнүн формаларын жана өлчөмдөрүн аныктоого;
10) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз алдынча баланска, өзүнүн аталышы кыргыз, орус, англис тилдеринде жазылган мөөргө, фирмалык белгиге, символикага, бланктарга жана башка жекелештирүү каражаттарына ээ болууга;
11) тиешелүү уюштуруу-укуктук формадагы уюмдар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка укуктарга ээ болууга.
13. Фонд төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана ушул Уставды сактоого;
2) Кыргыз Республикасынын балдарынын, жаштарынын жана калкынын арасында шахматты өнүктүрүүгө жана жайылтууга көмөктөшүүгө;
3) шахмат жаатында спортчуларды, машыктыруучуларды, судьяларды жана башка адистерди даярдоо үчүн шарттарды түзүүгө;
4) мектеп, студенттик жана массалык шахмат программаларын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө;
5) Фонддун мүлкүн сактоого жана натыйжалуу пайдаланууга;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн ишинин ачыктыгын жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүнү камсыз кылууга;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте мамлекеттик органдарга маалыматтарды жана отчетторду берүүгө;
8) уставдык максаттарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген иштерге жол бербөөгө.
Ыйгарым укуктуу министрликтер менен ведомстволордон атайын уруксаттарды (лицензияларды) алуу талап кылынган иштин түрлөрү боюнча Фонд ишти алынган уруксаттардын (лицензиялардын) негизинде гана жүзөгө ашырат.
3-глава. Фонддун укуктук абалы
14. Фонд Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча юридикалык жак болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык жүзөгө ашырат.
15. Фонд обочолонгон мүлккө ээ жана өзүнүн милдеттенмелери боюнча ушул мүлк менен жооп берет, мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болот жана жүзөгө ашырат, Кыргыз Республикасынын сотторунда доогер жана жоопкер боло алат.
16. Фонд Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып юридикалык жактын статусуна ээ болот.
17. Фонддун өз алдынча балансы, банкта алыш-бериш, атайын жана башка эсептери болот.
18. Фонддун өзүнүн символикасы, логотиби, фирмалык аталышы кыргыз жана орус тилдеринде жазылган тегерек мөөрү бар.
4-глава. Фонддун мүлкү жана каражаттары
19. Фонддун мүлкүн анын менчигинде турган имараттар, курулмалар, инвентарлар, акча каражаттары жана Фонддун уставдык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка мүлк түзөт.
20. Фонддун мүлкү жана каражаттары төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) уюштуруучунун, жеке жактардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын ыктыярдуу төгүмдөрүнүн, гранттарынын жана кайрымдуулуктарынын;
2) ресурстарды тартуу боюнча иштен түшүүлөр (маданий жана башка массалык иш-чараларды уюштуруу);
3) мыйзам тарабынан уруксат берилген иштен алынган кирешелер;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан.
21. Фонд Фонддун уюштуруучусунун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
22. Фонддун уюштуруучусу Фонддун милдеттенмелери боюнча жооп бербейт жана Фонддун мүлкүнө кандай гана болбосун мүлктүк укуктарга ээ эмес.
5-глава. Фонддун башкаруу органдары
23. Фонддун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Фонддун уюштуруучусу – жогорку орган;
2) байкоочу кеңеш – көзөмөлдөөчү орган;
3) директор – аткаруу органы;
4) ревизор – ревизиялык орган.
24. Фонддун уюштуруучусу Фондду башкаруунун жогорку органы болуп саналат. Фонддун уюштуруучусунун өзгөчө компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
– ушул Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
– иштин артыкчылыктуу багыттарын, мүлктү пайдалануу тартибин аныктоо;
– уюштуруу түзүмүн, кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын бекитүү;
– финансылык планды, ошондой эле иш жөнүндө директор даярдаган жылдык отчетту бекитүү;
– наркы 500 000 (беш жүз миң) сомдон жогору бүтүмдөрдү, ошондой эле кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү түзүү жөнүндө директордун чечимдерин бекитүү;
– байкоочу кеңештин мүчөлөрүн, директорду, ревизорду кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
– башка юридикалык жактардын ишине катышуу жөнүндө чечим;
– жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу;
– жылдык отчетту жана жылдык бухгалтердик балансты бекитүү.
Фонддун уюштуруучусу Фонддун байкоочу кеңешинин кандай болбосун чечимине вето коюуга укуктуу.
Ушул Устав менен Фонддун уюштуруучусунун өзгөчө компетенциясына киргизилген маселелер ал тарабынан Фонддун башка органдарына чечүүгө өткөрүп берилиши мүмкүн эмес.
25. Байкоочу кеңеш Фонддун ишине, башкаруу органдарынын чечимдерди кабыл алуусуна жана алардын аткарылышын камсыз кылууга, каражаттардын пайдаланылышына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Уставдын сакталышына, ошондой эле кызыкчылыктардын кагылышуусу болжолдонгон бүтүмдөрдүн бекитилишине көзөмөл жүргүзөт. Байкоочу кеңештин мүчөлөрүн Фонддун уюштуруучусу үч жылдык мөөнөткө кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Бир эле адам бир нече жолу байкоочу кеңештин мүчөсү болуп дайындалышы мүмкүн.
Байкоочу кеңеш өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
Эгерде байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү жыйналышка катышса, анын жыйналышы кворумга ээ болот. Чечимдер байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Байкоочу кеңештин кайсы болбосун мүчөсү директордон Фонддун иши боюнча маалыматты, анын ичинде баланстык отчетту берүүнү талап кылууга укуктуу.
Байкоочу кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда белгиленген башка укуктарга ээ.
6-глава. Фонддун директору
26. Фонддун аткаруучу органы болуп директор эсептелет.
27. Директор Фонддун ишине учурдагы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана Фонддун уюштуруучусуна жана байкоочу кеңешке отчет берет.
28. Директор Кыргыз Шахмат Союзунун президенти тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
29. Директордун компетенциясына башка башкаруу органдарынын өзгөчө компетенциясына кирген маселелерди кошпогондо, Фонддун учурдагы ишине жетекчилик кылуу маселелери кирет, атап айтканда:
1) учурдагы жана келечектеги пландардын аткарылышын камсыз кылуу;
2) кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттарын аныктоо;
3) байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын уюштуруу жана алардын аткарылышы жөнүндө отчетторду берүү;
4) Фонддун материалдык жана финансылык абалына кандай гана коркунуч болбосун же мындай коркунучту жаратышы мүмкүн болгон жагдайлар жөнүндө Фонддун уюштуруучусуна кабарлоо;
5) белгиленген тартипте Фонддун кызматкерлерин ишке кабыл алуу жана бошотуу;
6) финансы-кредит мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептерди ачуу;
7) өз компетенциясынын чегинде Фонддун кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгаруу;
8) Фонддун уставдык жана финансылык иши жөнүндө жыл сайын жазуу жүзүндөгү отчетту уюштуруучуга берүү;
9) ушул Уставдан келип чыккан башка маселелерди чечүү.
30. Фонддун штаттык кызматкерлери Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана медициналык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке кабыл алынат жана эмгек ишин жүзөгө ашырат.
7-глава. Ревизор (ревизиялык комиссия)
31. Ревизор (ревизиялык комиссия) зарыл учурда уюштуруучу тарабынан дайындалат.
32. Ревизор Фонддун аткаруучу органдарында кандайдыр бир кызмат орунду ээлей албайт.
33. Ревизор (ревизиялык комиссия) Фонддун финансылык жана чарбалык ишин текшерүүнү жүзөгө ашырат. Жылдын жыйынтыгы боюнча Ревизор Фонддун уюштуруучусу тарабынан бекитилген отчетту берет.
34. Ревизор (ревизиялык комиссия) өзүнүн ишине Фонддун уюштуруучусун тартууга укуктуу.
35. Директордун ишин текшерүү Фонддун уюштуруучусунун чечими боюнча ревизор (ревизиялык комиссия) тарабынан жүзөгө ашырылат.
36. Ревизор (ревизиялык комиссия) Фонддун кызмат адамдарынан бардык зарыл материалдарды, бухгалтердик же башка документтерди жана оозеки түшүндүрмөлөрдү берүүнү талап кылууга укуктуу.
37. Ревизор (ревизиялык комиссия) өз милдеттерин аткарууда башка адистердин (көз карандысыз аудитор, баалоочу ж.б.) кызмат көрсөтүүлөрүн колдоно алат.
8-глава. Фонддун кызмат адамдары
38. Фонддун кызмат адамдары (байкоочу кеңештин директору, мүчөлөрү жана ревизор) ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бир нече жолу бузгандыгы үчүн Фонддун жогорку органы тарабынан чакыртып алынышы мүмкүн. Ушул Уставдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузган учурда Фонддун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
9-глава. Фондду кайра уюштуруу жана жоюу
39. Фонддун ишин токтотуу соттун чечими менен же Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте жана негиздерде жоюу жана кайра уюштуруу жолу менен жүргүзүлөт.
40. Фондду жоюу жоюучу же жоюу жөнүндө чечим кабыл алган орган дайындаган жоюу комиссиясы тарабынан жүргүзүлөт. Жоюу комиссиясы дайындалган учурдан тартып ага ишти башкаруу боюнча ыйгарым укуктар өтөт.
41. Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган мүлк уставдык максаттарга багытталат.
42. Кыргыз Республикасынын каттоочу органы бул жөнүндө тиешелүү буйрук чыгарган учурдан тартып жоюу аяктады, ал эми Фонд өз ишин токтотту деп эсептелет.
43. Фонддун иш процессинде пайда болгон документтер «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
44. Фондду кайра уюштуруу (бириктирүү, бөлүү, кошуу, бөлүп чыгаруу, кайра түзүү) Фондду уюштуруучунун же байкоочу кеңештин чечими боюнча жүзөгө ашырылат. Мажбурлап кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жүргүзүлүшү мүмкүн.
10-глава. Корутунду жоболор
45. Ушул Уставга бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор Фонддун уюштуруучусунун чечими менен бекитилет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталууга тийиш.
46. Ушул Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөн учурдан тартып күчүнө кирет.
47. Фонддун ишинин ушул Уставда чагылдырылбаган маселелери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары менен жөнгө салынат.