Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 27-августундагы № 581 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда,
чакан шаарларында жана айыл жерлеринде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары болуп саналган саламаттык сактоо уюмдарында иштеген врачтарга кошумча дем берүү боюнча
программа
1. Ушул Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жерлеринде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында, ошондой эле мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары болуп саналган саламаттык сактоо уюмдарында иштеген врачтарга кошумча дем берүү боюнча программа (мындан ары – Программа) алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына жана мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары болуп саналган саламаттык сактоо уюмдарына врачтарды тартуунун жана бекитүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Программанын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарын врачтар менен толуктоо;
2) алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарына врачтарды тартуу жана бекитүү үчүн зарыл болгон социалдык-тиричилик шарттарын түзүү.
3. Программага алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына же ушул уюмдардын клиникалык базалары болуп саналган медициналык мекемелерге иштөөгө жөнөтүлгөн врачтар жана мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү, алыскы райондордо, чакан шаарларда жана айыл жергесинде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында иштеп жаткан врачтар катыша алышат.
4. Программанын катышуучуларын тандоо критерийлери, ошондой эле аларды аныктоо тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
5. Программанын катышуучуларын аныктоодо биринчи кезекте иштеп берүү боюнча милдеттенмелерине ылайык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына иштөөгө жөнөтүлгөн мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнүн, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын кадрларга болгон муктаждыгын камсыз кылуу үчүн алыскы райондорго, чакан шаарларга жана айыл жергесине жөнөтүлгөн врачтардын талапкерлиги каралат.
6. Калган квоталар болгон учурда Программага катышуу укугу алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында иштеп жаткан врачтарга берилет.
7. Аймагында Программа ишке ашырылуучу региондордун, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарынын реестри саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
8. Программаны каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
9. Врачтын квартал сайын депозитинин суммасы (врачтын депозити) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу чегерүүлөрүн кошкондо 66 000 (алтымыш алты миң) сом өлчөмүндө белгиленет. Төлөм Программанын катышуучусунун негизги иштеген жери боюнча түзүлгөн келишимдин негизинде саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
10. Программанын катышуучулары менен түзүлүүчү типтүү келишим саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
11. Типтүү келишим саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, Программанын катышуучусунун жана тиешелүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын өкүлүнүн ортосунда түзүлөт (үч тараптуу келишим).
12. Программанын катышуучусунун негизги иштеген жери боюнча түзүлгөн типтүү эмгек келишими тараптардын эркине көз каранды болбогон төмөнкү жагдайлар боюнча токтотулат:
1) кызматкерди аскердик же альтернативдик кызматка чакыруу, ошондой эле жолдошун (жубайын) башка жерге кызматка которууга байланыштуу;
2) мурда ушул ишти аткарган кызматкердин эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же соттун чечими боюнча ишине кайра калыбына келтирилиши;
3) жумушка кабыл алуунун белгиленген эрежелеринин бузулушу;
4) кызматкерди соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнө ылайык мурдагы ишин улантууга жол бербеген жазага тартуу;
5) эмгек мамилелерин улантууга тоскоол болгон өзгөчө кырдаалдардын (согуштук аракеттердин, кыйроолордун, табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын) келип чыгышы, эгерде мындай жагдай Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен киргизилсе.
13. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары болуп саналган саламаттык сактоо уюмдарына жана медициналык мекемелерине иштөөгө жөнөтүлгөн врачтарга социалдык колдоо көрсөтүү жана зарыл болгон социалдык-тиричилик шарттарын түзүү (анын ичинде балдарынын мектепке чейинки жана мектептик билим алуусуна көмөк көрсөтүү) кирет.
14. Программанын алкагындагы финансылык жана социалдык колдоо катышуучуларга тиешелүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында үзгүлтүксүз иштеген шартта үч жылга чейинки мөөнөткө берилет.
15. Программага катышуу үчүн талапкерлерди конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жана шарттары саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.
16. Программага катышуу үчүн конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша алышат:
1) аттестациядан жана каттоодон өткөн, Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына же мамлекеттик жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын клиникалык базалары болуп саналган медициналык мекемелерге иштөөгө жөнөтүлгөн жогорку медициналык билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрү;
2) Кыргыз Республикасынын алыскы райондорундагы, чакан шаарларындагы жана айыл жергесиндеги мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарына иштөөгө жөнөтүлгөн 50 жашка чейинки курактагы врачтар;
3) Кыргыз Республикасынын алыскы райондорундагы, чакан шаарларындагы жана айыл жергесиндеги мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында иштеп жаткан 50 жашка чейинки курактагы врачтар (квота болгон учурда).
17. Программага катышкан жана врачтын депозитин алган врачтар үчүн квоталардын жалпы саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
18. Программага катышуу үчүн конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн, бирок жүйөлүү себептерден улам ишке киришпеген врачтар белгиленген тартипте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда, чакан шаарларында жана айыл жергесинде жайгашкан башка саламаттык сактоо уюмдарына жаңы бөлүштүрүүнү алууга укуктуу.