Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №1
С. Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү
бюджетинин 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, 2025-
жылга пландалган кирешенин жана чыгашаларынын сметасын бекитүү жөнүндө.
КР Бюджеттик Кодексинин 13-102-беренелерине ылайык С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, 2025-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө айылдык кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясы талкуулаган жергиликтүү бюджетин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин атайын каражаттарын долбоорунун негизинде бекитүүгө С.Атабеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2024-жылдын кирешеси жалпы 58151,5 миң сом, жергиликтүү бюджет 45353,4 миң сом, теңдөө гранты 10758,3 миң сом, республикалык бюджеттен келген каражат 2079,8 миң сомго аткаруу болуп ал эми чыгышы бөлүгү 55077,8 миң сомго аткарылып 2025-жылдын 1-январына 11342,7 миң сом калдык эсептелип, жергиликтүү бюджет 11007,0 миң сом, атайын каражат 342,7 миң сом менен бекитилсин.
2. 2025-жылга айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери 46517,3 миң
сом , атайын каражат 10368,0 мин сом кошулуп 56885,3 миң сом №1-тиркемеге ылайык
бекитилсин.
3 КР Бюджеттик Кодексинин 24-беренесинин ылайык жергиликтүү бюджеттен резервдик фонду 883,8 миң сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул Кодексте көрсөтүлгөн Жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
4. КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтомуна ылайык айыл өкмөтүнүн аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилиндеги жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын ишин уюштуруу жөнүндө токтомунун негизинде 6 айыл башчы, 1 ВУЗ кызматкери жер ресурстары жана өсүмдүктөрдү өстүрүү боюнча 1 жетектөөчү адис, ыйгарым укуктар
берилген контракттык негизде 1 адис жана административдик борбор болуп эсептелбеген дагы башка айылдарга 3 айыл башчы кызматы менен штаттык бирдиги бекитилсин.
6. КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы №52 токтому менен белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык бирдигине ылайык, КР Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 токтомундагы муниципалдык кызматкерлердин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө Жарлыгына, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-августундагы № 433 токтомундагы кенже тейлөө кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндөгү токтомдорунун негизинде айыл өкмөтүнүн «Башкаруу» жана “Айылдык кеңеш” бөлүмдөрүнүн 33 штаттык бирдигине менен жалпы 14603,5 миң сом өлчөмүндө эмгек акы төлөө фонду № 2-тиркемеге ылайык жана ыйгарым укуктар берилген кызматкердин эмгек акы фонду республикалык бюджеттен төлөнөөрү эске алып жергиликтүү бюджеттен жалпы 14213,6 эмгек акы фонду каралсын.
7. “Башкаруу” жана “Айылдык кеңеш” бөлүмдөрүн күтүүгө резервдик фондунан сырткары керектелүүчү 6286,3 миң сом каражаты № 3-4-5 -тиркемелерине ылайык бекитилсин.
8. 2024-жылдан “С.Атабеков” муниципалдык аркылуу которуп берүүгө 2025-жылда “Коммуналдык чарба” бөлүмүндө каралган айыл өкмөтүнө караштуу бактарды көзөмөлдөө, кам көрүүчү багбан, таштандыларды ташып чыгуучу кызматтык оор жүк ташуучу автомашинанын айдоочусун жана эксковаторго айдоочусунун эмгек акы
фонду үчүн жалпы 675,4миң сом акча каражатын муниципалдык ишканага субсидия катары өткөрүлүп берилсин. Муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгүнө өзгөртүү киргизүү муниципалдык ишкананын жетекчисине милдеттендирилсин. 6-7-тиркемелерге ылайык бекитсин.
9. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 29-июлундагы №152 Жайыттар жөнүндө мыйзамынын 11-беренесине киргизилген өзгөртүүгө ылайык, 2025-жылга айыл өкмөтүнүн муниципалдык ишканасына караган “Жайыт бөлүмү” тарабынан жайыт пайдалануучулардан 629,0 миң сом өндүрүлсүн. Анын чыгымы 629,0 миң сом өлчөмүндө № 8-9-10-тиркемелерге ылайык белгиленип, 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен жайыт жыйымдарынын киреше жана чыгашаларын эсептөө менен муниципалдык ишкананын планына тактоо киргизилсин.
10. КР Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-мартындагы № 135 токтомунун, негизинде айыл өкмөтүнүн “Маданият” бөлүмүндөгү маданият жана китепкана кызматкерлеринин штаттык бирдигине ылайык жалпы эмгек акы төлөө фонду менен бирге 1989,0 миң сом өлчөмү менен № 11-12-13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
11. 2025-жылга «Турак жай жана коммуналдык чарба» бөлүмүнүн чыгымдары №14-тиркемеге ылайык 16431,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. 2025-жылга «Билим берүү» бөлүмүнүн чыгымдары № 15-16-17-тиркемелерине ылайык, жалпы 6104,1 миң сом өлчөмүнүндө бекитилсин.
13. Социалдык камсыздандыруу бөлүмү №18-тиркемесине ылайык 549,6 миң сом
өлчөмүндө белгиленсин.
14. КР Каржы Министрлигинин 2025-жылга жеткирилген, билим берүү жана маданий жактан тейлөө боюнча атайын каражат эсебинин киреше планына ылайык, чыгымдары
мектепке чейинки билим берүү уюмдарына тамак – аш азыктарын сатып алуу үчүн “Билим берүү” бөлүмүнүн атайын каражат эсеби №19-тиркемеге ылайык 10 368,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
15. Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен түшүүчү ижара акыларды өз убагында, толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир айылдын айыл башчыларына жана салык кызматчыларына жеке милдеттендирилсин.
16. 2025-жылдын чыгаша бөлүгүнө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 27 КР мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөттүн башчысы К.А.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
17. Айыл өкмөтүндө 2025-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү КР Бюджеттик Кодексинин негизинде, жергиликтүү кеңештин бюджеттик туруктуу комиссиясынын кароосунан кийин кезектеги сессияга сунушталсын.
18. 2025-жылда пландык көрсөткүчтөн ашыкча жыйналган каражаттар КР Бюджеттик Кодексинин 115 беренесине ылайык айылдык кеӊештин сессиясынын чечими менен пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
19. Айыл өкмөтүнүн тармактарынын иш-пландары боюнча бөлүнгөн каражаттардын МСА электрондук порталынан үнөмдөлгөн көлөмү айылдык кеӊештин чечиминин негизинде башка тармактардын муктаждыктарына жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана СЭӨП бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
20. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.А.Исканаджиевке жүктөлсүн.
Төрага : |
А.Мавлянов |