Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №2
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 1-январына калдык эсебиндеги акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө.
Жергиликтүү бюджетинен жана атайын каражат эсебинен 2025-жылдын 1-январына калган калдыгын пайдалануу жөнүндө КР «Бюджеттик Кодексинин № 44-беренесинин 4-пунктуна” негизинде, КР Министрлер Кабинетинин “Бюджеттик жылдын ичиндеги жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана жүргүзүлгөн чыгымдардан үнөмдөлгөн каражаттарды пайдалануу тартиби жөнүндө методикалык көрсөтмөнүн долбооруна ылайык С.Атабеков айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. С.Атабеков айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 1-январына жалпы 11342,7 миң сом калдык эсебиндеги каражаттарды төмөнкү тартип менен тиркемелерге ылайык белгиленсин.
2. КР мамлекеттик сатып алуулары аркылуу 2024-жыл эсебинен курулуш иштеринин, негизги каражаттарды сатып алууда жана кызмат көрсөтүүлөргө түзүлгөн келишимдерге ылайык жалпы 530,0 миң сом каражат №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. КР дем берүүчү грант эсебинен кошо каржылоого 4055,7 миң сом, Сузак райондук Өнүктүрүү Фонду аркылуу биргелешкен долбоорлорду кошо каржылоого 2406,0 миң сом жана Жалал-Абад Өнүктүрүү Фонду аркылуу биргелешкен долбоорлорду кошо каржылоого 1500,0 миң сом каражат № 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык инфраструктурасын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга 2515,4 миң сом каражат № 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2024-жыл эсебинен ата-энелердин төлөмдөрүн эсебинен калдык болуп өткөн, тамак – аш азыктарын сатып алуу үчүн 335,6 миң сом каражат №4- тиркемеге ылайык бекитилип, 2218 «Тамак-аш» беренесине жумшалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына ылайык 2025-жылга бекитилген бюджеттин киреше-чыгашаларынын планын тактоо, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
7. Токтомдо бекитилген акча каражатын натыйжалуу бөлүштүрүү жагы С. Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага : |
А.Мавлянов |