Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №3
Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн
жарандарына турак-жай куруу үчүн
жер аянттарын калктуу конуштар
жерине (трансформациялоо) которуу
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 11,13.31-беренелеринин Кыргыз Республикасынын Жер участокторун которуу( трансформациялоо) жөнүндөгү №145 мыйзамына ылайык , С.Атабеков айылдык кенешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясынын 04.10.2023-жылдагы берген №1 токтомунун айыл чарба жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которуу боюнча берген токтомунда ген план боюнча өзгөртүүлөр болгондугуна байланыштуу Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнүн 03.02.2025-жылдагы №41 сандуу кайрылуусунун жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 10.01.2025-жыл №01-05/16 сандуу жана 26.11.2024-жылдагы № 01-05/316 сандуу корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттары талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айылдык кенешинин сегизинчи чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясынын 04.10.2023-жылдагы берген №1 токтомунун айыл чарба жерлер категориясынан калктуу конуш жерлер категориясына которуу боюнча берген токтомунда чийилген Ген пландагы контурлар боюнча өзгөртүүлөр болгондугуна байланыштуу С.Атабеков айыл өкмөтүнүн сунушунун негизинде Ген пландагы контуру өзгөртүлүп берилсин.
2.С.Атабеков айыл өкмөтүнүн Жаны –Жер айылындагы мамлекеттик фондунун эсебинде № 462 контурдагы 0,33га, №463 контурундагы 0,73га ,№464 контурунан 1,45га ,№ 469 контурундагы 0,44га №473 контурундагы 0,30 га, № 472 контурундагы 1,60га ,№ 471 контурунан 0,40га ,№645 контурунан 3,60га, №647 контурундагы 0,60га ,№644 контурунан 1,50га ,№ 615 контурунан 2,0га, № 646 контурундагы 0,50га, № 613 контурундагы 2,62га, № 614 контурунан 0,60 га № 603 контурунан 0,60га №611 контурунан 1,0га, № 604 контурунан 3,0га, №605 контурунан 0,50га, № 609 контурунан 0,06га, Кара-Жыгач айылындагы № 144 контурунан 12,30 га, №84 контурунан 1,60га ,№ 94 контурунан 6,40га , №126 контурунан 1,10га , №119 контурунан 0,70га, Жаны-Жер айылынан 21,83, Кара-Жыгач айылынан жалпы аянты 22,10 баардыгы болуп жалпы 43,93гектар жер аянттына (трансформациялоого )которууга макулдук берилсин.
3.Аталган токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациядан суралсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
5. Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6.Аталган токтомду Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий сайтына жарыялоо жана КР Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу жагы Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Төрага : |
А.Мавлянов |