Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №4
“Айыл чарба багытындагы жер
аянтын өндүрүштүк ишкана куруу
максатында трансформациялоо
жөнүндө
С.Атабеков айыл өкмөтүнүн 12-февраль 2025-жыл № 51 сандуу кайрылуусунун жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 17.01.2024жылдагы №03/32 сандуу корутундусунун негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Ширин айылынын №314 контурундагы 1,0га жер аянтын айыл чарба багытындагы жана башка (галечник) категориясындагы жер аянтына мөмө-жемиш кургатуучу (сущилка)жай жана кайра иштетүүчү ишкана куруу үчүн аталган жер аянтын өнөр-жай, транспорт байланыш,коргонуу жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Аталган токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3.Токтомдун аткарылышы С.Атабеков айыл өкмөтүнүн башчысы К.Исканаджиевке жүктөлсүн.
Төрага : |
А.Мавлянов |