Загрузка документа…
САЙПИДИН АТАБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
С.Атабеков айылдык кеӊешинин кезектеги III-сессиясынын
2025-жылдын 24-февралындагы №5
Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун
эсебиндеги жерлерди өнөр-жай, транспорт
байланыш,коргонуу жана башка багыттагы
жерлер категориясына которуу жөнүндө
Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 17- февраль 2025-жыл №53 сандуу кайрылуусунун жана “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын 17.02.2025-жылдагы № 01-05/104 сандуу катынын негизинде Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сайпидин Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз -Абад айылындагы
№148,162 контурларында 0,51га жер аянтка Бала-бакча ,ФАП жана
спорт аянтчасын куруу үчүн айыл чарба жерлер категориясынан өнөр-
жай,транспорт байланыш,коргонуу жана башка багыттагы жерлер
категориясына (трансформациялоо)которулсун.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
К.Исканаджиевке милдеттендирилсин.
3. Токтом Сайпидин Атабеков айыл аймагынын айылдык кенешинин расмий
сайтында жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага : |
А.Мавлянов |